Ирсалиев, Молдобек

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Ирсалиев Молдобек
Ирсалиев молдобек.png
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Ирсалиев Молдобек
Туулган жылы: 1940-жылы 1-сентябрь
Туулган жери: Ара-Көл айылы, Кочкор району, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: Акын, коомдук ишмер


Акын жана коомдук ишмер Ирсалиев Молдобек Кочкор районунун Ара-Көл айылында 1940-жылы 1-сентябрда туулган. 1958-жылы Чолпон орто мектебин аяктап, эмгек жолун 1958–1959-жж. Кочкор районундагы Ара-Көл китепканасынын башчысы болуп иштөөдөн баштаган. 1959–1964-жж. Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун студенти, 1964–1967-жж. Чолпон совхозунда зоотехник, 1967–1968-жж. №1 ферманын башчысы, №3 ферманын зоотехниги, 1968–1969-жж. дасыгын жогорулатуу курсунан өтүп, 1969–1970-жж. кайрадан №3 ферманын зоотехниги, 1970–1971-жж. №3 ферманын башчысы, 1971–1972-жж. Калинин районунун Тельман атындагы колхоздун башкы зоотехниги, 1972–1978-жж. Кыргыз мамлекеттик ветеринардык илимий-изилдөө институтунун кенже кызматкери, 1978–1981-жж. Кыргыз мамлекеттик ветеринардык илимий-изилдөө институтунун улук зоотехниги, 1981–1988-жж. Кант районунун Ысык-Ата совхозунун директору, 1988-жылдан Кыргыз илимий-изилдөө институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, 1988–1992-жж. «Кыргыз айыл чаба бордоп семиртүү» Республикалык өндүрүш бирикмесинин башкы директорунун орун басары, 1992–1995-жж. Ара-Көл фермасынын башчысы, 1995–1996-жж. «Дыйкан-Ордо», ассоциациясынын төрагасы, 1996–1999-жж. «Чоң-Туз» дарылоо-өндүрүш фирмасынын башкы директору кызматтарында иштеп келген.

1982-жылы Айыл чарба илимдердин кандидаты болгон. 1998-жылы Кочкор районундагы Ара-Көл айылына 10 жылдык мектептин курулушун жетектеп эки айдын ичинде бүтүргөн. 2002-жылы ушул мектепте 3 класстык кошумча имарат куруу үчүн долбоор түзүп, «Сорос-Кыргызстан» фондусунан 2 миң Америка долларын, 2004-жылы айылдык клубдун ремонту үчүн ПРООНдон 3 миң Америка долларын, айылга суу түтүгүн куруу үчүн долбоор жазып, Бүткүл Дүйнөлүк Банктан 2,4 млн сом алып, бул курулуштарды ишке киргизген. 2007-2008-жж. Ак-Чий айылына тогуз жылдык мектеп (АРИСтен 1 млн 54 миң сом, өбөлгөлөөчү грант 2 млн сом, элдин салымы акча түрүндө 40 миң сом), медпункт (Азия Өнүктүрүү Банкынан гранты 385 миң сом, элдин салымы 38 миң 500 сом) курдурган. Ара-Көл айылына өз үй-бүлөсүнүн эсебинен 700 миң сомдук ФАП курдурган. Ыр жазууну жогорку окуу жайында окуп жүргөндө баштап, 1998-жылдан «Кыргыз Туусу», «Айданек», «Эмгек Туусу», «Ветеринария» гезиттеринде ырлары жарык көрө баштаган. 2000-жылы ырлары, макалалары, санжырасы киргизилген «Асманы жакын айылым» аттуу алгачкы китеби жарык көргөн.

Кыргыз Совет энциклопедиясына, Айыл чарба, Нарын облусунун энциклопедияларына ондогон макалалары жарык көргөн. 2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук тил комиссиясынын терминкомунун мүчөсү.

1967, 1969-жылы Кыргызстан ЛКЖС Бкнын, 1975-жылы Кыргыз айыл чарба илимий-изилдөө институтунун, 1977-жылы Кыргыз ССРинин «Билим» коомунун жана 1979-жылы Бүткүл Союздук «Билим» коомдорунун, 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамоталары менен, ошондой эле 1970-жылы «В.И.Лениндин туулгандыгынын 100 жылдыгынын урматына каарман эмгеги үчүн» юбилейлик медалы, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Даңк медалы, 1999-жылы «Эл агартуунун отличниги», 2001-жылы «Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери» төш белгилери. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланган. 2004-жылы “Нарын облусунун ардактуу атуулу” наамы берилген. 1999-жылдан Кыргызстан Журналисттер жана 2001-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинде[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Фермер чарбасын уюштуруунун жолдору: Брошюра. – Б.: Кыргызстан, 1998. – 200 б. (авторлош).
  • Асманы жакын айылым: Ырлар, макалалар, санжыра. – Б.: Кыргызстан, 2000. – 321 б.
  • Азык – байыркы уруу: Тарых-санжыра, ырлар, макалалар, пародия, тамсил, монологдор. – Б.: Кыргызстан, 2009. – 350 б.
  • Даанышмандын дили: Пьесалар – Б.: Кыргызстан, 2009. – 60 б. (авторлош).

Орус тилинде:[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Монокорм для овец. – Б.: Кыргызстан, 2009. – 190 с.

Котормолору[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Айыл чарба малдарын тоюттандыруу: Окуу китеби. – Б.: Кыргызстан, 2009. – 456 б. (авторлош).
  • Айыл чарба малдарын тоюттандыруунун нормалары жана рациондору: Окуу китеби. – Б.: Кыргызстан, 2009. – 410 б. (авторлош).



Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]