Исабаев Ибраим

Википедия дан

Исабаев Ибраим 1900-жылы азыркы Сузак районунун Качкынчы айылында туулган.

  • 1921-1924-жылдары Кызыл Армияда кызмат кылган.
  • 1924-1930-жылдары Камсыздоо Коммисариятында жетекчи, 1930-1936-жылдары Калмак-Кырчын, Качкынчы, Ак-Мечит айыл кеңештерин уюштуруп төрага болуп, 1936-1940-жылдары Жалал-Абад райисполкомунун төрага орун басары, төрагасы болуп иштеген.
  • 1941-1946-Улуу Ата Мекендик согушка катышкан.
  • Согуштан келгенден кийин 1946-1963-жылдары Кызыл-Кыя, Калинин колхоздорунун төрага орун басары, 1963-1986-жылдары «Дружба» совхозунун суу чарба адиси болуп эмгектенген.
  • Жалал-Абад райисполкомдун төрагасы болуп иштеп турган учурда, 1937-жылы «Нур», «Пахта» заводдорун түзүп курдурган жана Жалал-Абад шаарынын Генпланын түзүүгө катышкан.
  • 1997-ж. дүйнөдөн кайткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3