Нуриддин Исаев

Википедия дан
Исаев, Нуриддин Исаевич‎»‎ барагынан багытталды)

Нуриддин Исаевич Исаев (Nuriddin Isaev; 20.12.1926) – Кыргызстандагы заманбап тарыхчы жана философ окумуштуулардын бири, философия илимдеринин кандидаты (1984).

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нуриддин Исаев 1926-жылы 20-декабрда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районундагы Корумду кыштагында туулган.

1945-жылы Караколдогу Мугалимдер институтунун тарых факултетин аяктаган. Ошол жылдан тартып эмгек жолу башталган.
Н.Исаев оболу Пржевальск районуна (азыркы Ак-Суу районуна) караштуу Сары-Камыш орто мектебинде тарых жана география мугалими болуп иштеди.
1946-48-жылдары Темир айылында Токтогул атындагы орто мектепте тарых жана география мугалими болуп иштеп жүрдү.
1948-жылы Алматы шаарындагы С.М.Киров атындагы Казак мамлекеттик унивреситетинин тарых факултетине 2-курска өтүп, аны 1952-жылы ийгиликтүү аяктады.
1952-56-жылдары Бишкек шаарында Кыргыз кыз келиндер институтунда жана Фрунзе педагогикалык институттарында максизм-ленинизм кафедраларынын окутуучусу болду.
1956-жылдан тартып ал Кыргызстан ЛКЖС БКнын лектордук тобунун жетекчиси болуп иштеди.
1959-жылдан тартып Н.Исаев 40 жылдан ашуун өмүрүн Кыргыз мамлекеттик университети, Алматы медициналык институту жана Бишкек гуманитардык университети сыяктуу жогорку окуу жайлардагы окутуучулук кызматтарга арнады.
1992-жылдан тартып ал ардактуу эс алууда.

Илимий-чыгармачыл жана окутуучулук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Н.Исаев 30дан ашуун илимий жана илимий-усулдук эмгектерди жарыялаган.
Алардын арасында «Ислам дини тууралуу» (О религии ислама) деген эмгек Фрунзеде 1962-жылы жарык көргөн.
Н.Исаевдин эмгектеринин көпчүлүгү оторчулукта калган жана көз каранды мамлекеттердеги улут мамилелерин жана улуттук боштондук кыймылдарын изилдөө көйгөйлөрүнө арналган.
Бул темага байланыштуу Н.Исаевдин эмгектери Кыргызстанда кыргыз жана орус тилдеринде жарык көрдү. Орусча эмгектеринин айрымдары Казакстанда да жарыяланды.
1983-жылы Н.Исаев «СССРдеги капитализмди аттап өткөн элдердин советтик улуттук мамлекеттүүлүгүнүн келип чыгышынын мыйзам ченемдүүлүктөрү жана өзгөчөлүктөрү (Кыргыз ССРинин мисалында)» деген темада диссертациясын Алматы шаарында жактап, 1984-жылы философия илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон. (Илимий жетекчиси А.И.Нарынбаев).
1990-2016-жылдары Кыргызстандын «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана», «Кыргыз Руху», «Фабула» жана «Деньги и власть» сыяктуу мезгилдүү басма сөзүндө кыргыз тарыхына арналган макалалары жарык көрүп келет.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз ССРи менен Казак ССРинин Саламаттыкты сактоо министрликтеринин Ардак грамоталары менен сыйланган.
Эмгек ардагери.
Ооруктагы эмгекчи.
Философия илимдеринин кандидаты.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Н.Исаевдин маркум жубайы – Артыкбүбү Салиевна Садыбаева эле. Ал 1942-жылы туулган. 2012-жылы 22-январда дүйнөдөн кайтты. Алар 50 жылдан ашуун бирге жашашты.
Нуридин менен Артыкбүбү беш чүрпөлүү болушту, бирок алардын эң кенжеси (Бермет) бир жашка чыгаарында оорунун айынан чарчап калган.
Калган балдары - Жаркын, Талантбек, Чолпон, Гүлзат – бардыгы тең жогорку билимге ээ болушту.

Н.Исаевдин эмгектеринин чакан тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Исаев Н. Восстание 1916 года в Кыргызстане-национальная трагедия кыргызского народа. - Бишкек, 2016.
  • О религии ислама («Ислам дини тууралуу»). – Фрунзе, 1962.
  • Исаев, Нуриддин Исаевич. Закономерности и особенности возникновения советской национальной государственности народов СССР, миновавших капитализм (на материалах Киргизской ССР): Дис. ... канд. философ. наук. - Спец.: 09.00.02 - Теория научного коммунизма. - Алма-Ата, 1983. - 187 c.





Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]