Мазмунга өтүү

Исаева Клара Асангазиевна

Википедия — ачык энциклопедия

Исаева Клара Асангазиевна (16. 5. 1960-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары) – юридика илимдеринин доктору (2002). Милициянын полковниги (1980). СССР ИИМдин Волгоград Жогорку мектебин (1986), РФ ИИМ академиясын (1996) бүткөн. 1980–2003-ж. ички иштер органдарында иштеген. Кыргыз мамлекеттик юридика академиясында декан, окуу-инспекция башкармалыгынын (2003–06), саясий билим берүү башкармалыгынын (2006–08) начальниги, КУУда окуу-методикалык иштер боюнча проректор (2006–08), 2008-жылдан КРСУнун юридика факультетинде жана КУУнун юридика институтунда профессор Кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекстеринин долбоорлорун иштеп чыгууга катышкан. 1998–2001-ж. ПРООНдун Кыргыз Республикасында уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү проблемалары боюнча укук коргоо органдары менен бирдикте социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ОБСЕнин «Аялдарга жана балдарга карата зомбулукту болтурбоо» ж. б. эл аралык долбоорлоруна катышкан. Кыргыз улуттук аттестациялоо комиссиясынын Эксперттик кеңешинин төрагасынын орун басары жана Юриспруденция боюнча эксперттик комиссиянын мүчөсү (2009). Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (1994). Ок атуу боюнча спорт чебери (1998). 50дөй илимий эмгектин (анын ичинде 2 монография) автору. Эмгектери: Проблемы криминалисгического обеспечения преступлений в сфере экономической деятельности. Б., 2002.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]