Рысбай Исаков

Википедия дан
Исаков, Рысбай‎»‎ барагынан багытталды)

Исаков, Рысбай - Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, “Манас-мурас” коомдук фондунун жетекчисинин милдетин аткаруучу, “Манас” банкынын стипендианты, акын жана манасчы. Рысбай Исаков 1975-жылдын 11-майында Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Жээренчи айылында туулган.

Чоң атасы Исак өз кезегинде белгилүү ырчылардан болуп, өз атасы Рахман да кезеги менен жамактата койгон, ыр-күүгө жакын, жанындагыларды эриктирбеген сөзмөр адам болгон.

Рысбай орто мектепти аяктап, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Кыргыз филология факультетине тапшырып, 2002-жылы аны артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Чыгармачылык жолу мектептен эле башталып, элдир-селдир ыр жаза коюп жүргөн. Борбордогу чоң чөйрө анын жолунун өнүгүүсүнө өбөлгө болгон. Манасчылык өнөргө аттануунун себебин бардык манасчылар сыяктуу эле түш көрүү, аян берүү аркылуу түшүндүрөт. Бирок ага чейин эпосту жаттап айтып жүргөнүн да моюнга алат. “Манас” айтууга чейин ооруп, кыйналып, түшүнүксүз нерселерге дуушар болуп жүргөн. Чындап устат жандабаганы менен Сагымбай, Саякбайлардын китебин окуп, андыктан аларды устат деп эсептейт. Ошондуктан, өзү түштүк манасчылардын өкүлү болгонуна карабай, манасчылардын түндүк мектебинин да таасири бар. Түштүк манасчыларынын үлгүсүнөн да кур эмес. Өзүнчөлүккө ээ болгон өзгөчөлүктөрү, айырмачылыктары да бар. Алсак, Манастын энеси Чыйырды жолборстун эле жүрөгүнө эмес, ажыдаар этине да талгак болуп, аны табалбай каржалып турган элге думана келип, теңирдин мээри түшүп, нуру себилген касиеттүү жаңгак берип, талгагы ошондо гана канат. Бир сөз менен айтканда, ал айткан “Манастын” варианты өзгөчө мүнөзгө ээ.


Жетишкендиктери:

«Ала-Тоо жазы» фестивалы. Бишкек;

1994-ж. 2-орун; 1995-ж. 2-орун; 1997-ж. 2-орун; 1998-ж. 1-орун; 1999-ж. 1-орун.

1995-ж. «Манас – 1000» манасчылар фестивалы. Бишкек. Үчүнчү даражадагы диплом.

1998-ж. 16-20-сентябрь. Жаш акын-жазуучулардын республикалык фестивалы. Баткен. Лауреат.

1998-ж. 30-31-октябрь. Республикалык манасчылар мелдеши. Бишкек. 1-орун.

2001-ж. «Что вижу – то пою» Эл аралык фестивалы. Санкт-Петербург шаары. Лауреат.

2002-ж. «Манас» фондунун стипендианты.

2003-ж. Улуттук телерадиокорпорациясы. «Акылман көрүүчү» диплому.

2004-ж. 25-26-октябрь. Республикалык манасчылар мелдеши. Талас. 3-орун.

2005-ж. 1-7-июль. Эл аралык оозеки чыгармалар фестивалы. Улуу Британия, Уэлс. Лауреат.

2005-ж. 7-10-сентябрь. Москвадагы Кыргызстандын маданият күндөрүнүн катышуучусу.

2005-ж. 16-19-сентябрь. «Эпосы мира на земле потомков Джангара» Эл аралык фестивалы. Калмыкия. Элиста. Лауреат.

2005-ж. 15-16-октябрь. «Башканы коюп, Манасты айт» Республикалык манасчылар мелдеши. Баш байге. Бишкек.

2005-ж. 25-декабрь. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан «Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» «Кыргыз тили» төш белгиси.

2006-ж. 17-февраль-31-март. «Борбордук Азиялык маданий катнаш» АКШ.

2006-ж. 21-сентябрь. «Нукура кыргыз» телесынагы. 1-орун.

2007-ж. “Маңгилик сарын” Эл аралык фестивалы. Лауреат. Алматы.

2008-ж. июнь. Ван кыргыздарынын курултайынын ардактуу коногу. Түркия. Ван; июль. “Шедевры Юнеско на земле Олонхо”. Лауреат. Якутия; сентябрь. “Дала музыкасы” Эл аралык фестивалы. Лауреат. Астана.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]