Искактын көтөрүлүшү (1873–75)

Википедия дан
Исактын 1873-74-жылдардагы Аксы көтөрүлүшү‎»‎ барагынан багытталды)

Искактын көтөрүлүшү (1873–75)1873–76-жылдардагы Кокон көтөрүлүштөрүнүн бир бөлүгү. 1870-жылдардын башында Кудаяр хандын адилетсиз саясаты элдин нааразылыгын туудуруп, кыргыз бийлери аны башка хан менен алмаштырууга аракеттенишкен. Салтка ылайык хан мураскору хан тукумунан гана болушу зарыл эле. Ошондуктан, 1872-ж. аксылык кутлук-сейит уруусунун бийи Шер датка баштаган кыргыз төбөлдөрү кеңешип, мураскорлукка Самарканд, Хорезмде жашаган хан тукумдарына барышат. Бирок, алар макул болушкан эмес. Хорезмден кайтып келе жатып, Шер датка, кыргыз-кыпчак Мусулманкул бий жана найман Мусабек бийлер бир кездеги Алымкул аталыктын үзөңгүлөшү, Ташкентте жашап жаткан курамалык Абдымомундун (к. Момун Шамурзак уулу) үйүнө конушат. Коноктор ал жерден 1800–09-ж. Кокон хандыгын бийлеген Алим хандын уулу, самарканддык Болот (Полот) бекке куюп койгондой окшош Искакка өтө көңүл буруп калышат. Охналык ичкиликтердин бостон уруусунан чыккан Искак Асан уулу Абдымомундун кызматчысы болуп жүргөн. Кыргыз бийлери аны Полот хандын ордуна мураскор болууга үндөшкөндө, Искак өмүрүн тобокелге салып, макул болот. 1873-ж. жазында Шер датка, Мусулманкул, Мусабек, Сулайман удайчы жана Абдымомун баштаган 200дөй кыргыз жигиттеринин коштоосунда Исхак Аксыга келген. Чаткал, Ала-Бука, Ак-Там, Нанай, Көк-Жар, Мамай, Кербен, Пачата, Сафед-Булан ж. б. айыл-кыштактардын билермандары Полот хандын туусу астында Кудаярга каршы күрөшкө чыгышат. 1873-ж. жайында 29 жаштагы Искак «Полот хан» деген ат менен Сафед-Буланда (1842-ж. Шералы хан көтөрүлгөн жерде), миңдеген саруу, багыш, кутлук-сейит, найман кытай урууларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ак кийизге салынып, хан көтөрүлгөн. Искактын колу тез эле көбөйө баштап, көтөрүлүшчүлөр Чартактын беги Кедейбай датка менен Жаңы-Коргондун беги Алимдин жазалоочу кошуунун Сафед-Булан менен Ала-Буканын ортосунда талкалап, Көкүмбай, Тоголок-Шайык, Ак-Там, Найман, Көк-Жар кыштагын ээлешкен. Бирок, Абдрахман аптабачы жетектеген Кокон аскерлери аларды чегиндирип, Чаткалга сүрүп жиберген. Шер датка башында турган 40 бийдин Кокондо өлтүрүлгөндүгүн уккан көтөрүлүшчүлөр Чаткалда кол топтоп, кайрадан Ала-Букага басып киришкен. Наманган, Төрө-Коргон жана Жаңы-Коргондон алынып келинген сыпайлар, ошондой эле Молдо Жолдош паңсаттын башчылыгындагы жазалоочу кошуундун күчүнөн 2-жолу чегинген. 1874-ж. июлда Чаткал тоо этектеринде көтөрүлүш кайрадан башталган. 10 миңден ашуун көтөрүлүшчүлөр Чаткалдан чыгып, Ала-Бука өзөнү менен төмөн карай Касан шаарын көздөй жөнөгөн. Кутлук-сейит, багыш, саруу, кытай урууларынан жыйналган Искактын көтөрүлүшүнө өзбек, тажик туугандар кошулуп, 1874-жылдын 1-августуна чейин Сафед-Булан, Чартак, Жаңы-Коргон чептери алынган, Касан шаары согушсуз ээленген. Полот хандын кошууну Намангандан алыс эмес Төрө-Коргон чебин талкалап, Наманганды камаган. Төрө-Коргондун беги Суранчы 500 сарбазы менен көтөрүлүшкө кошулуп кеткен да, кийин анын активдүү жетекчисине айланган. Көтөрүлүштөн катуу чочулаган Кудаяр хан, аларга каршы Абдрахман аптабачы, Иса Олуя, Науман паңсат баштаган жакшы куралданган 7000 сыпай жана 1000 сарбаз жиберген. Көтөрүлүшчүлөр беттешүүдө жеңилип, көп адам колго түшкөн. Көтөрүлүштүн бир жетекчиси Мусулманкул көз жумган. Абдымомун Чаткалга, Искак бир аз жигиттери менен Ала-Буканын Чанач капчыгайына чегинген. Аптабачынын жазалоочу аскери караламан элди, коргоосуз калган айылдарды катуу бүлүндүргөн. Айыл-кыштактар аёосуз өрттөлүп, Ала-Бука өрөөнүндө эле даргага асылгандардын саны 1000ден ашкан. Бул жазалоолор элди ого бетер кыжырланткан. Искак 1874–75-ж. кыш мезгилинде Чаткал тоо этектерин, Чанач, Ала-Бука, Пачата өрөөндөрүн кыдырып, элди көтөрүлүшкө үндөгөн. Чаткалга качкан Абдымомун 1874-ж. 24-августта Идрис Пайгамбар деген жерде орус өкүлдөрү менен жолугушууга келгенде кармалып, Олуя-Атада түрмөгө отургузулган. Бирок, аз убакыттан кийин түрмөдөн качып кеткен. 1875-ж. июнда Фергана өрөөнүнүн чыгыш тарабындагы калк көтөрүлгөндө Искак жашыруун түрдө Өзгөн тарапка өтүп кеткен. Бул жерде аны бир нече миң кишиден турган кошуун күтүп турган. Чогулгандардын арасында кадыр-барктуу бийлер да бар болгон. Июнь, июль айларында Искак Ош, Жалал-Абад, Кара-Суу, Сузак сыяктуу ири шаар-кыштактарды ээлеген. Кыймыл бүтүндөй Фергана өрөөнүнө жайылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.