Исамутдинов Зухритдин Низамутдинович

Википедия дан

Исамутдинов Зухритдин Низамутдинович (1953, Анжыян облусунун, Өзбек Республикасы) — филолог, журналист. 1976-ж. Ташкен мамлекеттик университетин бүткөн. 1976-жылдан Өзбек Республикасынын Илимдер акдемиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер. 1991-ж. “Жакын түркий тилдерде поэтикалык котормонун өзгөчөлүктөрү” ("Манас" эпосунун өзбек тилиндеги котормосунун мисалында) деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. "Манас" эпосу жана кыргыз адабияты маселелери боюнча 30га жакын илимий макалаларды жазган. Айрым кыргыз эл жомокторун, кыргыз жазуучуларынын аңгемелеринен өзбекчеге которгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4