Искаков, Шейшенбек Жумабекозич

Википедия дан

Искаков Шейшенбек Жумабекозич (6.11.1942-ж.т., Кочкор району, Кочкор айылы) — Кыргызстан КП Нарын обкомунун 1-катчысы (1991—92).
1965-ж. КМУнун физика-математика факультетин, 1986-ж. Москвадагы КПСС БКнын алдындагы коомдук илимдер академиясын бүткөн.
1965—66-ж. Бишкек политех, институтунда ассистент, 1966—70-ж. Кочкор районундагы ВЛКСМдин 40 жылдыгы атындагы орто мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, 1970—71-ж. партиянын Кочкор райкомунда инструктор, 1971—72-ж. мектеп директору, 1972—75-ж. партиянын Нарын обкомунда инструктор, 1975—83-ж. Кочкор райкомунда бөлүм башчы, 1983— 84-ж.Нарын обкомунда бөлүм башчы, 1986—88-ж. Ат-Башы райкомунун 2-катчысы, 1988—89-ж. Нарын облустук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы, 1989— 91-ж. Ысык-Көл жана Нарын облустарынып элге билим берүү башкармасынын акими. 1992—96-ж. Кочкор районунун акиминин 1-орун басары.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.