Искендерова Суусар
Искендерова Суусар (8. 5. 1953-ж. туулган, Чүй облусу, Чүй району, Арпа-Тектир айылы) – адабият таануучу, филология илимдеринин доктору (2007), Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги (1996). 1974-ж. ОшМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1974–79-ж. Ош шаарындагы Ю. А. Гагарин атындагы орто мектепте мугалим, 1980–84-ж. ОшМУда окутуучу, 1984–87-ж. КМУнун кыргыз адабияты кафедрасынын аспиранты, 1987–94-ж. ушул эле кафедрада окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1994–2009-ж. БГУда кафедра башчысы, 2009-жылдан проректор. 2 монография, 60тан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 2 методикалык окуу куралын автору. Эмгектери: Кыргыз адабиятынын тарыхы боюнча методикалык көрсөтмөлөр жана текшерүү иштеринин темалары (авторлош). Б., 1993; Н. Байтемировдун прозалары. Б., 1994; XX кылымга чейинки кыргыз кол жазма адабияты менен фольклорунун айрым маселелери. Б., 2005.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5