Исмаилова, Төлөкан Асаналиевна

Википедия дан
Төлөкан Исмаилова
Төлөкан Исмаилова, Кыргызстандык укук коргоочу
 
Туулган жери: Ысык-Көл облусу, Кыргызстан, СССР
Билими: Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети
 
Сыйлыктары:

Төлөкан Исмаилова (1954-жылы 17-июнда төрөлгөн, Ысык-Көл облусу, Кыргыз ССРи, СССР) – кыргызстандык укук коргоочу, коомдук ишмер, Нобелдин “1000 PeaceWomen” сыйлыгынын номинанты[1], “Даңк” медалынын ээси[2], “Бир дүйнө – Кыргызстан” укук коргоо уюмунун директору.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Төлөкан Исмаилова 1954-жылы 17-июнда Кыргызстанда төрөлгөн. Кыргыз Улуттук университетинде француз тилин окуган. Университетти аяктагандан кийин жашы жете электердин иштери боюнча комиссияда жооптуу катчы болуп иштеген. Ал адам укуктары боюнча ишмердүүлүгүн 1977-жылы баштаган[3].

Кесиптик ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Төлөкан Исмаилованы эл аралык ишмерлер Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын лидерлеринин бири катары баалашат.

1994-жылы “Интербилим” укук коргоо борборунда окуу боюнча координатор болуп иштеген.

Ошондой эле Төлөкан Исмаилова буга чейин “Жарандар коррупцияга каршы” деген ат менен белгилүү болгон “Бир дүйнө – Кыргызстан” уюмунун директору. Адам укуктары жөнүндө даректүү тасмалардын эл аралык фестивалдарын уюштуруу уюмдун ишинин бир бөлүгү болуп саналат. Бул фестивалдар – дүйнөнүн жаш кинематографисттери жана активисттери үчүн чоң аянтча.

1998-жылы декабрда Төлөкан Исмаилова таза шайлоону талап кылган коомдук уюмдардын жана жигердүү жарандардын башын бириктирип, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясын түзүүгө көмөктөшкөн. Ошол эле учурда 1998-жылдын декабрынан 2002-жылдын мартына чейин Коалициянын алгачкы президенти болуп иштеген. Коалициянын күч-аракеттеринин натыйжасында Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу көз карандысыз талапкерлер парламентке өтүшкөн.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев[4] Төлөкан Исмаилованы чет элдик атайын кызматтардын колдоосу менен бийликти кулатууну көздөгөн деп айыптаган. Кийинчерээк Исмаилова жана анын кесиптеши, укук коргоочу Азиза Абдирасулова өкмөттү сотко берип, расмий кечирим суроону талап кылышкан.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2002-жылы Исмаилова демократия боюнча Рейган-Фасселдин Борбордук Азиядан биринчи стипендиаты болгон[5], ал эми 2009-жылы адам укуктарын коргоого кошкон салымы үчүн Франциянын “Эркиндик, теңдик жана боордоштук” сыйлыгын алган[6].

2010-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2010-жылы Төлөкан Исмаилова Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы кызматына бекитилип, бирок бул кызматтан баш тарткан[7].

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Төлөкан Исмаилова көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн, беш ага-иниси бар.

Атасы кыргыз тили жана адабияты мугалими, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери болгон.

Төлөкандын кызы Лира Исмаилова да “Бир дүйнө – Кыргызстан” уюмунда иштейт, апасынын эмгегин жогору баалайт жана жакынкы келечекте Кыргызстандагы укук коргоочулардын абалы оңолот деп ишенет.

Кошумча маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://rus.azattyk.org/a/2427620.html
  2. https://vesti.kg/politika/item/2967-uzhe-nachalas-prezidentskaya-gonka.html
  3. https://centrasia.org/person2.php?st=1271945877
  4. https://www.frontlinedefenders.org/ru/case/case-history-tolekan-ismailova
  5. https://learningpartnership.org/people/tolekan-ismailova
  6. https://iwpr.net/ru/global-voices/tolekan-ismailova-prava-i-svobody-dayutsya-nelegko-za-nikh-nado-borotsya
  7. https://kloop.kg/blog/2010/04/22/tolekan-ismailova-vozglavila-centrizbirkom/