Улан Исмаилов

Википедия дан
Исмаилов, Улан‎»‎ барагынан багытталды)
Улан Исмаилов
Жынысы эркек
Жарандыгы Кыргызстан
Кесиби Манасчы

Улан Исмаилов - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз тили комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгисинин ээси (2005),манасчы Улан Исмаилов 1984-жылдын 8-июлунда Ысык-Көлдүн Жети-өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында туулган. Бугунун желдең уруусунан.
Ал Кичи-Жаргылчак орто мектебин аяктагандан кийин, 2003-2008-жылдары Каракол шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиядан билим алат. Анын манасчылык жолго түшүшүнө, жаратман манасчыларга таандык аян себепкер болгон. 17 жаш курагында Улан мал менен тоодо жалгыз калып, күн батаар мезгилде уйларын саай турган болот. Бир кезде эле арт жагынан бир адамдын добушу чыккансыйт. Артына кылчайып карагыча, кимдир бирөө кежигесинен кыса кармап: «Токтот сааныңды, иттин баласы! өйдө туруп, тетиги дөбөгө чык!» - дейт. Улан буйрукту аткарып, дөбөгө чыгат. Аңгыча баягы аркасындагы адам: «Тетиги жерди кара, кайыптар келе жатат. Тушуңа келип токтогондо, үнүңдү бийик чыгарып салам айт, берген суроолоруна жооп кайтар. Тапшырма берсе моюн толгобой аткарам де. Сен тектүүнүн тукумусуң. Коркпо, корксоң ата-бабаңа шек кетет» - дейт. Улан айткан тарапты караса, коктунун этегинен төмөн карай өтө чоң куюн жүрүп келе жатыптыр. Дал тушуна келгенде, куюн бир орунга токтоп, айлана берет. Бир маалда куюндун өзөгүнөн чоң ак саргыл кула атчан баатыр суурулуп чыгат. Куюндан чыккан баатырдын эки көзү күйүп жанат. Баатырдын жалаң зоот кийими, асынган мылтыгы, оң колундагы көк тиреген найзасы даана көрүнүп, минген аты жер чапчып, туйлап турду. Бул баатыр Манас экендигин баягы аркасында турган адам айтат. Андан соң куюндан көк ат минген, узун бойлуу, кызыл жүздүү, колунда камчыдан башка куралы жок, ак сакалчан адам чыга келет. Бул ак сакал Бакай олуя экен. Бакайдан кийин куюндан Алмамбет чыгат. Анын аркасынан чубап, кырк чоро чыгат. Ошентип, Уландын аркасында турган адам баарын тааныштырып өтөт. Анан куюндан эң биринчи болуп чыккан баатыр Уландын маңдайына бастырып келип: «Эй какмар, биздин ушул жүрүшүбүздү айта жүр, айтканда да жөндөп айт! Айтпасаң, өз убалың өзүңө. Таштабай айтып жүрсөң, эмнеге ыктасаң, ошондон алдыда болосуң. Айтасыңбы?!» - дейт. Ошондо Уландын аркасында турган баягы адам: «Көтөр башыңды, үнүңдү бийик чыгарып айтам де, какмар!» - деди. Улан башын көтөрүп, карай калса, жанагы баатыр теше тиктеп турган экен. Аңгычакты, баатыр: «Биз күн чыгыш тарапка бара жатабыз, тетиги калың кол Коңурбайдын колу. Баланын оозу куру калбасын, оозуна бирдеме салып кой» - деди. Ошого чейин көзгө көрүнбөй Уландын аркасында турган адам бет маңдай келип, колуна сары майга көөлөнгөн талкан сунат. Улан талканды бир сугунуп, түгөтө албай коёт. Баягы адам калган талкандын баарын Уландын оозуна тыгып жиберет. Анан: «Эй какмар, баатыр сага батасын берген жок. Бир жылдан кийин ушул маалда баатырдын көмбөзүнө барып «Манас» айтып, Айкөлдүн жана Айкөлдү айтып жүрүп, көзү өткөн манасчылардын сынынан өтөсүң. Сындан өтсөң бата аласың, өтпөй калсаң майып болуп кайтасың. Мен Саякбай болом. Сени таптайм, андан аркасын билбейм» - дейт. Мына ошол окуядан кийин Улан Таластагы Манастын күмбөзүнө барып, жети күн бою «Манас» баянын айтып кайтат. Кийинчерээк эл алдына чыгып, «Манас» эпосун айта баштайт.
2006-жылы Соң-Көлдө өткөн «Соң-Көлдү Манас жердеген» аттуу Эл аралык кароо-сынакта 1-орунга ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын акчалай сыйлыгы менен сыйланган. Ошол эле жылы Бишкек шаарында өткөн «Дүйнө элдеринин эпостору» аттуу Эл аралык фестивалдын дипломанты болуп табылган.
Уландын манасчылык өнөрү боюнча: Г.Айтпаеванын, А.Эгембердиеванын илимий эмгектери жарык көргөн.2006-жылы У.Исмаиловдун айтуусунда, Кыргыз Улуттук телерадио компаниясынын «Алтын казынасына» «Манас» үчилтигинин «Манас» бөлүгүнөн «Манастын Ала-Тоого көчүп келиши», «Чоң казат» аттуу окуяларынын айрым үзүндүлөрү жазылып алынган. У.Исмаилов азыркы учурдагы салттуу манасчылык өнөрүнүн алып жүрүүчүсү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]