Исмаилов Сапар Токтосун уулу
Исмаилов Сапар Токтосун уулу Жыгаччы. Тоң районундагы Ак-Терек айылында төрөлгөн.
Атасы Токтосун устанын таалимин алган. Сапар жыгачтын жердигине жапайы талды, колдо өстүргөн талды пайдаланат. Аны чала кургатып, түзөтүү үчүн кызытуу ыкмасын колдонот. Койдун жаңы кыгына улам текши суу сээп турганда ал болжолдо 8-9 сааттардан соң ысып чыгат. Ага 4-5 талды сойлотот. Жаңы кыктын курамында түрдүү заттар болгондуктан жыгач ойдогудай жашыйт. Андан кийин талдарды ирээти менен бирден тезге коёт. Кереге-ууктук талдардын матоосу жанбашы үчүн өзүнчө жатак колдонот. Чебер Кара-Кужур кыштоосунун Ичке-Төрүндөгү жошо топурагын алып, ага малдын канын аралаштырып аябай эзет. Аны менен уук кереги боёсо ал колго жукпайт. Жошо жыгачтын ички касиеттерине жараша түрдүү түстү пайда кылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0