Исманов Ахмат
Исманов Ахмат (13. 1. 1932-ж. туулган, Чүй облусу, Чүй району, Алчалы айылы) – экономист, экономика илимдеринин доктору (1992), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (1993), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (1997), эмгек ресурстарын пайдалануу маселелери боюнча адис. Ташкент юридика институтун (1954), Кыргыз CCP Илимдер академиясынын ЭИнин аспирантурасын (1966) бүткөн. 1954–62-ж. Кыргыз ССР прокуратурасынын тергөөчүсү, Кыргыз ССР Жогорку сотунун мүчөсү, 1966–94-ж. Кыргыз CCP Илимдер академиясынын ЭИде илимий кызматкер, бөлүм башчы, Президиумунун окумуштуу секретары, 1994–99-ж. Коомдук илимдер институтунда (Ош шаары) директордун орун басары жана дирекциянын кеңешчиси, 1998-жылдан КЭУнун профессор 110дон ашуун илимий эмгеги, анын ичинде 8 монографиясы жарык көргөн. Эмгектери: Пути повышения эффективности исиользования трудовых ресурсов в сельском хозяйстве. Ф., 1986; Экономическая эффективность использования ресурсов в сельском хозяйстве. Ф., 1993.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5