Испания

Википедия дан

Испания Королдугу
исп. Reino de España

Герб
Туу Герб
Урааны: «лат. Plus ultra»
«Чектеринен ашкан»
Гимн: «Marcha Real (Гренадерлердин маршы)»
Испания дүйнөлүк картасында
Расмий тили Испан тили
Борбор шаары Мадрид
Ири шаарлар Мадрид, Барселона, Валенсия, Севилья, Сарагоса, Малага
Кырал Филипп VI
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
51 - дүйнөдө
505 990 км²
1,04
Калкы
• Бааланган (1-январь 2021)
Жыштыгы

47 394 223[1] адам (30)
94 ад./км² (15-дүйнөдө)
Этнохороним испан, испандар
Акча бирдиги евро
ISO коду ES
ЭОК коду ESP
Телефон коду +34

Испания (исп. España), расмий — Испания Королдугу (исп. Reino de España) — Африкадагы территориялардын бир бөлүгү менен Түштүк Европадагы трансконтиненталдык суверендүү мамлекет.

Калкынын саны боюнча Испания дүйнөдөгү 30-штат (2021-жылдын 1-январына карата 47 394 223 адам). Испаниянын калкынын 2021-жылга карата дин боюнча курамы: динге ишенбеген католиктер - 39%, католиктер - 18,4%, атеисттер [ky] - 14,6%, агностиктер - 12,9%, динге ишенбегендер / динге кайдыгерлер - 11 . 4%, башка динге же конфессияга ишенгендер - 2,5%, жооп берген эмес - 1,3%.

Европа Биримдигинин жана НАТОнун мүчөсү. Испания Пиреней жарым аралынын көпчүлүк бөлүгүн (80%), ошондой эле Канар жана Балеар аралдарын ээлейт, жалпы аянты 504,782 км² (Африка жээгиндеги чакан суверендүү аймактар, Сеута жана Мелилья шаарлары менен бирге) , Европадагы төртүнчү ири өлкө (Орусия, Украина жана Франциядан кийин). Түндүк жана батыштан Атлантика океаны, түштүгүнөн жана чыгышынан Ак деңизи менен жуулат. Испаниянын бетинин орточо бийиктиги деңиз деңгээлинен 650 м; бул Европадагы эң тоолуу өлкөлөрдүн бири. Франция, Андорра жана Португалия менен чектешет.

Аймак 17 автономиялуу жамаатка жана 2 автономиялуу шаарга бөлүнөт. Борбору — Мадрид.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Испания – унитардык өлкө. Башкаруу формасы – парламенттик монархия. Конституциясы 1978-ж. күчүнө кирген. Мамлекет башчысы – король. Мыйзам чыгаруу милдетин жана өкмөттүн иш-чараларын контролдоону Башкы кортес (парламент) ишке ашырат. Кортес эки палатадан: Сенаттан жана Депутаттар конгрессинен турат. Аткаруу бийлиги премьер-министр башында турган өкмөткө таандык. Саясий партиялары: Испания социалисттик жумушчу партиясы, Элдик партия, Баск улуттук партиясы, Конвергенция жана Союз каталон партиясы, Бириккен солчулдар.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Испаниянын аймагынын 5/6 бөлүгүнөн ашыгын Пиреней жарым аралы, Жер Ортолук деңиздеги Балеар аралдары жана Атлантика океанынын африкалык жээгине жакын жайгашкан Канария аралдары ээлейт. Испания Батыш Европадагы көтөрүңкү жайгашкан өлкө. Басымдуу бөлүгүн тоолор жана бөксө тоолор ээлейт; жеринин бетинин 1/3инен ашыгы деңиз деңгээлинен 1000 мден жогору. Өлкөнүн ички бөлүгүн рельефи татаал, жазы бөксө тоо – Месета ээлейт. Ал туш тарабынан ири кырка тоолор менен курчалган. Месетанын түндүгүндө Бискайя булуңун жээктей Кантабрия тоолору (бийиктиги 2648 м, Серредо чокусу), Түндүк-чыгышында Иберия тоолору, Жер Ортолук деңизди бойлой Каталон тоолору, Андалусия тоолору (Муласен чокусу, бийиктиги 3482 м, Пиреней жарым аралынын эң бийик жери), Түндүк-чыгыш чет жакасынан Пиреней тоолору (эң бийик жери 3404 м; Ането чокусу) жана Кантабрия тоолору орун алган. Ойдуңдар (Андалусия, Арагон, Валенсия, Мурсия) негизинен деңиз жээктеринде жайгашкан. Испаниянын басымдуу бөлүгү негизин герцин бүктөлүшү түзгөн жаш платформа болуп саналат. Жери кен байлыктарга бай, анын маанилүүлөрү: жез, коргошун, цинк, алтын, күмүш, никель, нефть, газ, таш жана күрөң көмүр.

Климаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Климаты негизинен субтропиктик жер ортолук деңиздик, ички аймактары кургак, Атлантика океаны жак жээктери мелүүн океандык. Климатынын түзүлүшүнө тоолуу жана көтөрүңкү рельеф, Атлантика океаны жана Африканын жакын жайгашкандыгы таасир тийгизет. Январдын орточо температурасы 4–12°С, июлдуку 23–29°С. Испаниянын көп бөлүгүндө жылдык жаан-чачыны 300–500 мм (эң көбү кышында), тоолордо жана батыш жээктеринин айрым жерлеринде 1000 ммден ашык. Дарыяларынын суусу кышкысын мол болуп, жайында өтө тартылат. Ири дарыялары: Тахо, Дуэро (Испанияда жогорку жана ортоңку агымдары), Эбро, Гвадалквивир, Гвадиана; негизинен сугатка пайдаланылат. Жер ортолук деңиз бадалы жана токой, тоолорун жазы жана ийне жалбырактуу токой, бийик тоолору менен дарыя өрөөндөрүн шалбаа ээлейт. Испаниянын аймагынын 45%инде токой жана бадал өсөт. 550дөн ашык аймак (өлкөнүн аянтынын 8%и) коргоого алынган; анын 30дан ашыгы улуттук парктар жана коруктар. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Гарахонай, Тейде (экөө тең Канария аралында), Доньяна (Андалусия ойдуңунда), табигый-маданий мурас жерлерге Пиреней тоолорундагы Монте-Пердидо тоосу (Франция менен бирдикте), Пальмераль курма пальмасы токою (Эльче шаарына жакын), ошондой эле Ивиса а. кирет.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкынын 90,7%и – испандар. Испанияда 4,14 млндон ашык чет өлкөлүктөр жашайт; анын ичинде марокколуктар, эквадордуктар, англистер, колумбиялыктар, немистер басымдуу. Калктын табигый өсүүсү 0,18% (2006). Испанияда 15 жашка чейинки балдар 14,3%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 64%ти, 65 жаштан ашкандар 16,7%ти түзөт. Калкынын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 88,7 киши (2007). Жер ортолук деңиз жээгинде, Андалусия ойдуңунда, Галисиянын батыш жээктеринде жана аралдарында калк өтө жыш (1 км2 жерге 200 адамдан ашуун), борбордук тоолуу бөлүктөрүндө сейрек (1 км2 жерге 10 кишидей) отурукташкан. Шаар калкы – 76,6%тей (2004). Ири шаарлары: Мадрид (калкы 3,2 млн, агломерациясы менен 6,1 млн; 2007), Барселона (1,6 млн; 4,9 млн), Валенсия (815,3 миң; 1759,4), Севилья (705,2 миң; 1,3 млн), Сарагоса (665,4 миң), Малага (558,8 миң), Мурсия (423,7 миң). Испаниянын калкынын 95%ке жакыны католиктер; 5%тейи башка конфециялардын (негизинен протестанттар) жана диний топтордун өкүлдөрү. Экономикалык активдүү калкы 21,58 млн (2006). Экономикада иштегендердин (19,75 млн) 65,6%и тейлөө чөйрөсүндө, 16,7%и өнөр жайында, 12,9%и курулушта, 4,8%и айыл чарбасында, токойчулукта, аңчылык жана балык уулоодо эмгектенет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Испания аймагында адам төмөнкү палеолитте (биздин заманга чейинки 400–100-миң жылдыктарда) эле жашап, темир дооруна өтүү мезгилинде (биздин заманга чейинки 700–500-жылдар аралыгы) Ибер маданияты калыптанып, ал Жер Ортолук деңиз жээгине тараган. Биздин заманга чейинки 7-кылымдан Испаниянын түштүк жана чыгыш жээктери финикийлер менен гректердин колониясына айланып, биздин заманга чейинки 3-кылымдын аягынан Испаниянын көп жери Карфагенге, биздин заманга чейинки 2-кылымдын башынан Римге караган. Узакка созулган (биздин заманга чейинки 2-кылым – биздин замандын 5-кылымынын ортосу) Рим бийлиги Испанияны романдаштырууну жүргүзгөн. 409-ж. Испанияга вандал, алан (429-ж. Африкага сүрүлгөн) жана свевдер басып кирип, өлкөнүн Түндүк-батышында свевдер королдугун түзгөн. Пиреней жарым аралынын көп бөлүгү Батыш Рим империясынын үстөмдүгүн формалдуу түрдө гана тааныган Испан-рим ак сөөктөрүнүн бийлигинде калган.

Carlos V (1500-1558)

5-кылымдын орто ченинен И-нын дээрлик бардык аймагын вестготтор басып алып, 6-кылымдын башында Галлиядан И-нын Иоледо шаарына Вестгот королдугунун борборун көчүрүп келген. 6-кылымдын аягында Рим-католик чиркөөсү королдуктун мамлекеттик чиркөөсүнө айланган. 711–718-ж. Түндүк Африкадан кол салган арабдар Пиреней жарым аралын (түндүктөн башкасын) бүт дээрлик басып алып, Омейяд халифатынын курамында эмирлик түзүшкөн. 718-ж. арабдарга каршылык көрсөтүү борбору Астурия королдугу түзүлүп, Реконкпстага (Пиреней жарым аралынан арабдар басып алган жерди жергиликтүү калктын кайра тартып алуу күрөшү) жол ачылган. Испаниядагы араб мамлекети (Кордова халифаты) Абдаррахман IIIнүн тушунда (912–961-ж. сураган) бир топ күч алган. 10-кылымдын аягында борбордук бийликтин күчү начарлап, 1031-ж. Кордова халифаты майда көп эмирликтерге бөлүнгөн. Бул Реконкистанын ийгиликтүү жүрүшүнө шарт түзүп, көз карандысыз Испания мамлекеттеринин (Леон, Кастилия, Наварра, Арагон ж. б. королдуктар) биригишин тездетип, 1479-ж. бирдиктүү Испания мамлекети түзүлгөн. Реконкиста 1492-ж. Пиреней жарым аралындагы арабдардын акыркы таянычын – Гранаданы алуу менен аяктаган. Испанияда абсолюттук монархия калыптана баштаган. Еретиктерди катуу куугунтуктаган инквизиция киргизилген (1480). Реконкиста аяктаган соң, бийлик кирешенин жаңы булактары үчүн күрөшкөн. X. Колумб Американы ачкандан (1492) кийин, испандар 16-кылымдын 1-жарымында Борбордук жана Түштүк Американын Мексика, Боливия, Перу сыяктуу бир топ жерин каратып, колониялык империясын түзгөн. Америкадан талап алынган жана кулдардын арзан эмгеги менен табылган алтын менен күмүш Испанияга ташылган. Испания Европадагы ээликтерин (Неаполитан королдугун, Сицилияны ж. б. каратуунун эсебинен) кыйла кеңейтип, дүйнөлүк ири державага айланган. Американы колонияга айландыруу Испаниянын экономикасына адегенде оң таасир тийгизген. Бирок 16-кылымдын ортосунда Испаниянын экономикасы начарлап, тышкы саясаты да кризиске учураган. Англия менен болгон согушта (1588) «Жеңилбес армада» деп аталган Испан флоту талкаланган; 16-кылымдын аягында Франциядагы диний согушта көздөгөнү ордунан чыккан эмес. 1566-ж. Нидерландда буржуазиялык революция чыгып, Түндүк Нидерланд Испаниядан 1581-ж. бөлүнгөн. Англия менен болгон согуштарда (16–17-кылымдар) деңизге үстөмдүк кылуу укугунан ажыраган.

18-кылымдын башынан Испания жана ага караштуу жерлер Франция, Улуу Британия, Австрия ж. б. державалардын күрөш объектисине айланган. Карл II өлгөндөн кийин (1700), Испан мурасы үчүн жалпы европалык согуш (1701–11) башталып, ал Бурбондор династиясынын негиздөөчүсү Филипп Vнин (француз королу Людовик ХIVнүн небереси) бийлигинин орношу жана Испаниянын Европадагы ээликтерин бөлүштүрүү менен бүткөн. 18-кылымдын 60–80-жылдарында Карл IIIнүн (1759–88-ж. башкарган) тушунда агартуучул абсолютизм багытында реформа жүргүзүлүп, Испаниядан иезуиттер куулган (1767); протекционисттик бажылар киргизилген; Местанын артыкчылыгы бир аз чектелген. Испания эл аралык мамилелер жаатында Францияга ыктап, Улуу Британияга каршы согушкан (1739–48, 1762–63, 1779–83). 18-кылымдын 80-жылдарынын аягында Испаниядагы агартуучулук абсолютизм саясаты аяктаган. 1789-ж. Францияда башталган революция Испаниянын башкаруучу чөйрөлөрүн феодалдык клерикалдык реакция позициясына түрткөн. Карл IVнүн тушунда (1788–1808-ж. башкарган) И. адегенде революциячыл Франция Республикасына (1793–95) каршы согушта жеңилип, тышкы саясатта француздардын позициясын колдоого мажбур болгон. Наполеон Iнин эркине көнүп, Испаниянын башкаруучулары Улуу Британия (1796–1802, 1804–08) жана Португалия менен (1901) бүлгүндүү согуштарды жүргүзгөн. Француз-испан флоту Трафальгардагы салгылашууда (1805) талкалангандан кийин, Испаниянын америкалык колониялары менен байланышы өтө эле начарлап, өлкөдө нааразылык күчөгөн. Португалияны каратып бөлүп алуу жөнүндө Наполеон I менен Годой келишими (1807, октябрь) түзүлүп, анын негизинде француз-испан аскерлери 1807-ж. ноябрда Португалияны басып алган. Бирок 1808-ж. мартта Франция Испанияга кол салган. Франция жапырыгы Испанияда азатчыл согушту пайда кылып, испан революциясынын (1808–14) чыгышына түрткү берген. Испанияда партизан кыймылы (герилья) кеңири кулач жайып, азатчыл согуш ийгиликтүү аяктаганы менен (1814, май), абсолюттук башкаруу калыбына келтирилген. Король Фердинанд VII (1808, 1814–33-ж. башкарган) 1812-жылдагы конституцияны, кортестердин бардык декреттерин жокко чыгарган. Испаниянын Америкадагы колонияларындагы боштондук кыймылын басууга аскер жиберген. Испаниянын өзүндөгү абсолюттук режмиге каршы күрөштө армия башкы роль ойногон. 1820–23-ж. революциянын жүрүшүндө Фердинанд VII конституцияны (1812) орундоо үчүн ант берүүгө аргасыз болгон (1820, 9-март). Ыйык союз чечими боюнча революция франциялык куралдуу интервенциянын (1823, апрель сентябрь) жардамы менен басылып, Испанияда абсолюттук режим кайра орногон. Фердинанд VIIнин декрети (1823, 1-октябрь) боюнча конституциялык өкмөттүн бардык мыйзамдары жокко чыгарылган. Америкадагы испан колонияларынын азатчыл күрөшүнүн натыйжасында испан аскерлери Америкадан куулган (Испания бийлигин Куба менен Пуэрто-Рикодо гана сактап калган). Испанияда 1833-ж. 1-карлчылар согушу (183340) деп аталган граждандык согуш башталып, анын жүрүшүндө испан коомунун либералчыл, антифеодалдык күчтөрү Карл IVнүн улуу баласы Дон Карлосту такка отургузууну жактаган абсолютизмге каршы күрөшкөн. 1834–43-ж. революция өлкөдө алгач туруктуу кайра курууларды ишке ашырган: инквизиция, майорат, помещиктердин сеньордук укуктары жоюлган, конституциялык монархия режими орнотулган. Бирок аскер төңкөрүшүнүн (1843, июль) натыйжасында жер ак сөөктөрүнүн абалы кайрадан чыңдалган.

19-кылымдын 40–50-жылдары Испанияда металлургиялык заводдор, машина куруу ишканалары, тоо кен өнөр жай тез өнүгүп, темир жол салынган. Банктар менен камсыздандыруу компаниялары түзүлгөн. Буржуазиялык кайра куруулардын аяктабагандыгы кийинки революциялардын (1854–56; 1868–74) чыгышына себеп болгон. 1868-ж. королева Изабелла II Испаниядан куулуп, бийлик прогрессчилер менен униончуларга (либералдык союздун мүчөлөрү) өткөн. Алар жалпыга бирдей шайлоо укугун (эркектер үчүн), динге табынуу, чогулуш, басма сөз эркиндигин жарыялашкан. Испан тактысы Амадей Савойскийге өткөн. Нааразычылык күчөгөнүнөн улам Амадей Савойский бийликтен баш тарткан (1873, февраль). Испани Республикасы (18773–74) болуп жарыяланып, бийлик республикачылардын колуна өткөн. Бирок мамлекеттик төңкөрүштүн (1874, декабрь) натыйжасында Испанияда борбордук монархия калыбына келтирилген. Испан буржуазиясынын төбөлдөрү жер ак сөөктөрү менен блок түзгөн. Бул келишим 1876-жылдагы конституцияда белгиленип, Пакто эль Пардо деп аталып, Консерватор партия менен Либерал партия (1875-ж. негизделген) мамлекетти кезектешип башкаруу жөнүндө 1885-ж. макулдашкан. 1898-ж. апрелде АКШ Кубаны бошотууну шылтоолор, Испанияга согуш ачкан. Анда жеңилген Испания тынчтык келишими (1898, 10-декабрь) боюнча АКШга Куба, Пуэрто-Рико, Гуам аралдары менен Филиппин архипелагын аргасыздан берген. 1899-ж. Германия Испанияны Каролина жана Мариана аралын сатууга мажбурлаган. Натыйжада Испаниянын Сфрикада гана азыноолак колониясы калган. 20-кылымдын башында Испания колониялык саясатын жандандырып, Мароккону бөлүп алуу жөнүндө Франция менен келишим түзүп (1904, 1912), анын аз бөлүгүнө ээ болгон.

Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде (1914–18) Испаниянын бейтараптыгын жарыялаган. Согуш аяктагандан кийин, Испаниянын абалы начарлар, өнөр жайынын айрым тармактары кыскарып, жумушсуздук көбөйгөн. Мароккону каратууну тездетүү үчүн болгон Анвалдагы салгылашууда испан аскерлеринин талкаланышы (Испаниянын 10 миңден ашык солдаты менен офицери кырылган жана жарадар болгон) монархияга каршы турган бардык партиялар колдогон нааразылык кыймылын пайда кылган. 1923-ж. 13-сентябрда генерал М. Примо де Ривера мамлекеттик төңкөрүш жасар, Испанияда аскердик-монархия диктатурасын орноткон. Испаниянын өкмөтү кортестер менен муниципалитеттерди таратып, бардык саясий партияларга тыюу салган. 1927-жылдан бул диктатурага жана монархияга каршы жалпы улуттук кыймылдын күчөшүнөн улам генерал М. Примо де Ривера отставкага кеткен (1930-ж.28-январь). Республикачылар менен социалисттерден куралган революциячыл комитет Испанияны Республикасы деп жарыялаган. Король Сльфонс XIII эмиграцияга кеткен.

Фашисттик коркунучтун күчөшү (1933-ж. фашисттик партиянын Исран фалангасы негизделген) бардык күчтөрдүн биригишине алып келген. 1936-ж. 15-январда Элдик фронт түзүлүп, 1936-ж. 16-февралдагы кортестерге шайлоодо жеңип чыккан. 1936-ж. 17–18-июлда чыккан аскердик-фашисттик козголоң И-да 32 айга созулган граждандык согушка айланган. Козголоңчулар басып алган Бургос шаарында түзүлгөн мамлекет менен өкмөт башчысы болуп генерал Франко дайындалган. Согушта республикачылар жеңилип калган. Испанияда Франко башында турган авторитардык режим орногон.

Испания бейтараптык саясатын жарыяласа да, экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик Германия менен Италтяга жардамдашкан. 1947-ж. Испания королдугу түзүлүп, Франко мамлекеттин түбөлүк башчысы болуп жарыяланган. Испания 1952-ж. ЮНЕСКОго жана 1955-ж. БУУга кабыл алынган. 1953-ж. 26-сентябрдагы америкалык-испаниялык келишимге ылайык (1963-, 1970-ж. узартылган), Испанияда америкалык аскер базаларынын тармагы курулган.

60-жылдардын 2-жарымы 70-жылдардын 1-жарымында жаңы конституциялык мыйзамдар кабыл алынган. 1931-ж. кулатылган король Альфонс ХIIIнүн небереси Хуан Карлос 1969-ж. Бурбон Франконун сунушу боюнча Франконун ишин улантуучу болуп бекитилген. 1975-ж. ноябрда диктатор Франко өлүп, 22-ноябрда Хуан Карлос Бурбон Испаниянын королу болуп жарыяланган. 1976-ж. түзүлгөн жаңы өкмөттү С. Суарес Гонсалес жетектеген. Өлкөдө демократиялык жаңылануулар жүрүп. 1978-ж. жаңы конституция күчүнө кирген. 2004жана 2008-жылдардагы парламенттик шайлоолордо Испания социалисттик жумушчу партиясы жеңишке жеткен. Х. Л. Родртгес Саратеро премьер-министр болуп калган.

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Испания дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн постиндустриялык өлкөгө кирет. ИДПнин көлөмү (1232 млрд доллар, 2606) боюнча дүйнөдө 11-, Европа союзуна (ЕС) кирген өлкөлөрдүн ичинен 5-орунда (Германия, Улуу Британия, Франция жана Италиядан кийин) турат. Аны киши башына бөлүштүргөндө 27,9 миң доллардан туура келет. ИДПнин 67,2%ти тейлөө чөйрөсү, 27,9%ти өнөр жай жана курулуш, 3,1%ти айыл чарба, токойчулук жана балык уулоо түзөт.

Өнөр жайы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өнөр жайынын структурасында алдыңкы орунду машина куруу, тамак-аш өнөр жай , нефтини кайра иштетүү жана нефть-химия, кара жана түстүү металлургия, минералдык (металл эмес) сырьёлорду казып алуу, целлюлоза-кагаз жана полиграфия, энергетика, органикалык химия продукцияларын өндүрүү, текстиль, тигүү жана булгаары-бут кийим тармактары ээлейт. Экономикасынын өнүгүүсүндөгү негизги проблемалардын бири – отун-энергетикалык ресурстардын таңкыстыгы. Өлкөдө энергияга болгон муктаждык тынымсыз өсүүдө. Энергияны керектөөнүн 50,6%ин нефть жана нефть продуктулары, 21,4%ин газ, 130%ин көмүр, 1,60%ин гидроэнергия, 11,20%ин атом энергиясы, 2,20%ин башка булактар (шамал, күн энергиясы) түзөт (2006). 2006-ж. 164 миң тонна нефть казылып алынган, ал ички керектөөнүн 0,20%ин гана канааттандырат, сырттан 70,9 млн т нефть жана нефть продуктуларын сатып алат. 2005-ж. 216 млн м3 газ өндүрүлгөн, керектөөсү 33,4 млрд м3ди түзөт. Казып алынган көмүр (16,1 млн тонна өлкөнүн ага болгон муктаждыгын канааттандыра албайт. Өндүрүлгөн 229,6 млрд кВт∙с электр энергиясынын 126,9 млрд кВт∙сы өлкө ичинде керектелет. Атом энергетикасы өзүнүн уран кен таштарынын базасында өнүккөн; 6 АЭС иштейт, 800гө жакын чакан ГЭС бар. Шамал энергиясын пайдалануу боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. Шамал энергетика курулмаларынын аныкталган кубаттуулугу 11,7 миң МВт чамасында.

Өнөр жайынын маанилүү тармактарынын бири – металлургия. 2006 ж. 265 миң тонна темир кен ташы, 5 млн тонна чоюн, 18,4 млн тонна болот өндүрүлгөн. Металлургия өндүрүшүнүн ири борборлору: Барселона, Авилес, Хихон, Бильбао, Сантандер, Сагунто, Сестао, Кадис. Түстүү металлургия азыр негизинен импорттук сырьёлорго байланыштуу; сымап өндүрүү кыскарууда, дүйнөдөгү эң ири сымап кени – Альмаден; ал жайгашкан региондогу экологиялык кооптуу кырдаалга байланыштуу аны казып алууну 2011-ж. биротоло токтотуу каралууда. Ошондой эле цинк, коргошун, жез, глинозём өндүрүлөт. Машина куруу өлкөнүн экономикасынын маанилүү тармагы. Машина куруу комплексинде автомобиль өнөр жайы Испаниянын эл аралык адистешүүгө кирген бир тармагы. Чыгарган автомобилдеринин жалпы саны (2777,4 миң; анын ичинде жеңил автомашина 2078,6 миң) боюнча дүйнөдө Япония, АКШ, Кытай, Германия, Түштүк Корея жана Франциядан кийинки 7-орунда. Негизги продукциялары: оор жана жеңил жүк ташуучу автомашиналар, автобус, жеңил автомобиль, кеме, ошондой эле металл иштетүүчү түрдүү станоктор, металлургия, курулуш үчүн жана электр-техникалык өнөр жай жабдуулары, желдетүү техникасы, айыл чарба техникасы ж. б. Химия өнөр жай органикалык синтез продукциясын, синтез чайыры, пластмасса, сыр ж. б. продукцияларды чыгарат. Целлюлоза-кагаз өнөр жай продукциясынын 50%и экспорттолот. Испания целлюлозаны экспорттоо боюнча ЕСке кирген өлкөлөрдүн ичинен 4-, дүйнөдө 7-орунда турат. Эмерек өнөр жай ашкана, уктоо бөлмөлөрү жана ванна үчүн жогорку сапаттагы гарнитурларды чыгарууга адистешкен. Курулуш жана жасалга материалдар өнөр жай жергиликтүү курулуш сырьёлорун пайдаланат; мрамор, акиташ теги, жогорку сапаттуу бор, доломит, каолин казып алат. Цементти импорттоо боюнча дүйнөдө АКШдан кийинки 2-орунду ээлейт. Карапа жана фарфор фаянс өндүрүшүнүн өлкөнүн экспорттук продукциясында үлүшү зор. Текстиль өнөр жай жанa кийим тигүү өндүрүшү боюнча ЕС өлкөлөрүндө 3 орунда турат. Булгаары бут кийим өнөр жай эзелтен эле экспортко адистешкен тармак болуп саналат. Бут кийим чыгаруу боюнча (2005-ж. 126,7 млн жуп) Европада Италиядан кийинки 2-орунда. Тамак-аш жанa тамеки өнөр жайы ЕСке кирген өлкөлөрүнүн ичинен Германия, Франция, Улуу Британия жана Италиядан кийинки 5-орунду ээлейт. Тамак-аш, шарап, угуту күчтүү спирт ичимдиктерин, эт жанa сүт продукцияларын, май, мөмө-жемиш консерваларын, алкоголсуз ичимдиктерди ж. б. чыгарат. Негизги экспорттук продукциялары: зайтун майы, шарап, сүрсүтүлгөн эт, балык жана мөмө жемиш-жашылча консервалары. Шарап даярдоо боюнча Европада Италия, Франциядан кийинки 3-орунда. Испандардын чүйгүн эт азыгы – хамонду чыгаруу боюнча дүйнөгө белгилүү. Тамеки чыгаруу боюнча дүйнөдө 10 ири өлкөнүн ичинде.

Айыл чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөнүн ИДПсиндеги айыл чарба өндүрүшүнүн (токой чарбасы, анчылык, балык уулоо жана өстүрүү менен кошо) үлүшү 3,1% (2006). Испания айыл чарба продуктуларын өндүрүү боюнча Европа союзуна кирген өлкөлөрдүн ичинен Франция, Италия ж а Германиядан кийинки 4-орунда. Өлкө азык-түлүккө болгон муктаждыгын өзү камсыз кыла албагандыктан, дан, эт, сүт ж. б. азыктарды сырттан сатып алат. Үй-бүлөлүк чакан фермалар басымдуу. Жер фондусунун (33,1 млн га) 24,86 млн гасы айыл чарбага жарактуу жер, анын 65%и айдалат, 35% и шалбаа жнаа жайыт. Сугат жерлеринин аянты (4 млн га чамасында) боюнча Батыш Европада алдыңкы орунда. Италиядай эле Испанияда да цитрус өсүмдүктөрүн, жемиш, жашылча, жүзүм, зайтун, ошондой эле дан эгиндерин өстүрүүгө адистешкен. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: буудай (айдоо аянтынын 20%и), шалы, бадам, арпа, жүгөрү, тамеки, жашылча (эгин аянтынын 60%и), картөшкө ж. б. Зайтун майын өндүрүү боюнча дүйнөдө 1-, шарап чыгаруу боюнча Италия жана Франциядан кийинки 3-орунду ээлейт. Ошондой эле апельсин (дүйнөлүк түшүмдүн 3%и), лимон (киши башына бөлүштүрүү боюнча дүйнөдө 1-орунда, 11 кг) жана лайма, мандарин, шабдалы, нектарин, өрүк, кайналы, гилас, киви, авокадо ж. б. өстүрүлөт. Жашылча өстүрүү боюнча да дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Томат, пияз, сарымсак, артишок (дүйнөдө Италиядан кийинки 2-орунда), капуста, спаржа, калемпир, бадыраң, козу карын (Европада Нидерландиядан кийинки 2орунда), баклажан ж. б. эгилет. Негизги техникалык өсүмдүктөрү: кант кызылча, күн карама, ошондой эле пахта, тамеки. 2005-ж. 5,9 бодо мал, 19,7 млн кой (Европада Улуу Британиядан кийинки 2-орунда), 2,5 млн эчки (Грециядан кийинки 2-орунда), 22,8 млн чочко (Германиядан кийинки 2-орунда), 174,3 млн үй кушу (тоок, өрдөк, каз ж. б.) болгон. Токой аянты 13,9 млн га, анын негизги массивдери өлкөнүн Түндүк жана Түндүк-батыш бөлүктөрүндө. Балык кармалат.

Тейлөө чөйрөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тейлөө чөйрөсү – Испания экономикасынын башкы жана динамикалуу өнүгүп жаткан сектору; анда ИДПнин 67,2%и жаралат. Эң маанилүү секторлору: туризм жана ага байланыштуу мейманкана бизнеси жана коомдук тамактануу, ошондой эле соода, ишкердик тейлөөлөр, билим берүү, саламаттык сактоо. Рекреациялык тейлөө Испаниянын эл аралык адистешкен маанилүү тармактарынын бири. Анда ИДПнин 12%и түзүлөт. Жыл сайын 50–60 млн турист келет. Испанияга келген чет өлкөлүк туристтерин саны боюнча дүйнөдө Франциядан кийинки 2-орунду ээлейт. Туризмден түшкөн киреше (38,5 млрд евро; дүйнөдө АКШдан кийинки 2-орунда) ага кеткен чыгымдан 3 эсе көп. Испаниянын негизги туристтик зоналары Жер ортолук деңиз аймагы (Каталония, Валенсия, Андалусия), Балеар жана Канария аралы; бул аймактар Испанияга келген туристтердин 83%тен ашыгын кабыл алат.

Атомобиль жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атомобиль жолунун жалпы узундугу 666,3 миң км, анын 12 миң кми жогорку ылдамдыкта жүрүүчү, көп тилкелүү автотрассалар (Европада Германия, Франциядан кийинки 3-орунда). Негизги автотрассалары Мадридден Ла-Корунья, Ирун, ЛаХункер, Валенсия, Севилья, Бадахос тарапка тарайт. Башка маанилүү автотрассалары: өлкөнүн түндүгүндө кеңдик багытта созулган Кантабрия жолу – Ирун – Овьедо – Ла-Корунья –Туй; Жер Ортолук деңиз жолу – Ла-Хункер – Малага; меридиандык жол – Хихон – Саламанка – Касерес – Кадис жана Миранда-де-Эбро – Витория – Сарагоса – Валенсия. Португалия менен байланыштырган Севилья – Лисабон, Ла-Корунья – Лисабон жолдору иштейт. Темир жолунун узундугу 14,94 миң км, анын 1052 кми жогорку ылдамдыктагы жол. Жогорку ылдамдыктагы ири темир жол магистралдары арбын. Испанияда 157 аэропорт иштейт, анын 47си эл аралык аэропортчо Эл аралык ири аэропорттору Мадрид, Барселона, Пальма, Малага, Лас-Пальмас, Аликанте шаарында. Деңиз транспорту сырткы соода жүктөрүнүн негизги бөлүгүн ташыйт. Испания желеги менен 167 деңиз соода кемеси (ар бири 1000 регистрдик брутто тоннадан ашык) жүрөт. Ички суу жолунун узундугу 1000 кмдей, газ куурунуку 7,2 миң км, нефть куурунуку 730 км, нефть продукт куурунуку 3,5 км (2006). Метрополитен Мадрид, Барселона, Бильбао, Валенсия, Пальма, Севилья шаарында иштейт.

Экспорт жана импорту[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлкөнүн экспорту менен импортунда өнөр жай продукциялары басымдуулук кылат. Экспортко өнөр жай жабдуулары (транспорттуку кошо), азык-түлүк, автомобиль куруу продукциялары, өнөр жай чала фабрикаттары, химия өнөр жай продукциялары, керектөө товарлары чыгарылат. Экспорттук продукциянын дээрлик жарымынан көбү Каталония, Валенсия, Мурсия аймактарында өндүрүлөт. Сырттан машина куруу продукциялары, энергия алып жүргүчтөр (нефть, газ ж. б.), керектөө товарлары, тамак-аш, химия продукциялары ж. б. сатылып алынат. Негизги сырткы соода шериктери: Франция, Германия, Италия, Португалия, Улуу Британия, Нидерланд, Россия, ошондой эле АКШ, Кытай, Япония. Испания эл аралык туризмдин ири борбору; 2004-ж. 53,6 млн чет өлкөлүк турист келген (дүйнөдө 2-орунда).

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Испанияда 6–16 жаштагы балдарды окутуу милдеттүү жана акысыз. Окуучулардын көпчүлүгү менчик мектептерден билим алышат. Өлкөдө 40тан ашык университет бар, анын ичинде эң ирилери Мадрид (1508-ж.) жана Барселона (1450), Саламанка (13-к.) ж. б. университеттери. Студенттердин 96%и мамлекеттик ЖОЖдордо билим алышат. Эң ири китепканасы Мадриддеги Улуттук китепкана. Испанияда күнүнө 3,3 млн нускада 120 гезит жарык көрүп турат. Анын ичинде айрыкча белгилүүлөрү: «Паис», «АВС», «Вангуардия», «Диарио 16», «Мундо» ж. б. Испанияда 90го чукул музей бар. 1818-ж. негизделген Мадриддеги Прадо музейинде 19-кылымдын орто ченине чейинки мезгилге таандык Испан живописинин бай коллекциясы бар.

Испания жергесинде табият илимдери антикалык доордо пайда болгон. Ал кезде Испанияда Рим империясынын кубаттуу провинцияларынан келген географ Помпоний Мелла, агроном жана ботаник Луций Колумелла өңдүү белгилүү илимпоздор эмгектенген. Испания аймагына варвар уруулар басып кирип, вестготтордун алгачкы феодалдык мамлекетинин орношу (5-кылымдын ортосу 8-кылымдын башы) илим менен маданияттын кедерин кетирген. Испанияда илим араб жеңип алууларынан кийин кайра жанданып, андагы араб илимпоздору дүйнөлүк илимдин өнүгүшүнө кыйла салым кошкон. 9–10-кылымда Кордова шаарындагы университет илимдин очогу болгон. 10–11-кылымда араб илимпозу Маслама аль-Мадриленьо шакирттери менен арифметика, геометрия, астрономия боюнча эмгектерди басып чыгарган. 12-кылымда Севилья жана Толедо шаары да илим очогуна айланган. Толедодо котормочулар мектеби калыптанып, аль-Фараби, Ибн Сина, Ибн Гебирол, ибн Эзр сыяктуу араб жана еврей чыгаан илимпоздорунун эмгектерин Европага тааныштырган. 13-кылымдагы илимдин өнүгүшүнө Кастилия королу Альфонс X Акылмандын кыйла салымы бар. Ал алхимиялык трактаттарга түшүндүрмө жазган, анын башчылыгы менен түзүлгөн планеталар кыймылынын таблицасы Европада үч кылым бою мыкты таблица катары колдонулган. Арабдарды сүрүп чыгарып, Испандардын колонияга ээ болушу Испанияда жаңы илим очокторунун Лерида (1300), Уэска (1334), Вальядолид шаарында университеттердин ачылышына түрткү берген. Испания өз алдынча мамлекет болуп бириккенге байланыштуу соода менен өнөр жайынын өнүгүшү кеме куруу, навигация, картография ишинин өсүшүнө жол ачып, деңиз саякатына жана географиялык ачылыштар жасоого өбөлгө түзгөн. 15-кылымдын аягы – Испанияда илим менен маданияттын гүлдөп турган мезгили болгон. 1492-ж. Колумб Американы ачкан; 15–16-кылымдарда Испан саякатчылары жана конкистадорлор Америка географиясын изилдешкен; Б. Лас Касас, Ф. де Овьедо, Н. Монардес Американын зоологиясы, ботаникасы, географиясы боюнча баалуу маалыматтар берген; гуманист жана анатом М. Сервет кан айлануунун кичине тегерегин тапкан. 16-кылымдын 2-жарымы 17-кылымда инквизиция күч алып, Испаниянын саясаты менен экономикасын начарлаткан. Бул илимдин кыйрашына алып келген. 18-кылымдын орто ченинен Испаниянын экономикасы менен маданияты кайра жанданган. Өлкөдөн иезуиттерди кууп чыккандан кийин (1767), окуу жайларды чиркөөдөн жарым-жартылай бөлүүгө мүмкүндүк болгон; Латын Америкасына, Австралияга, Филиипинге илимий экспедициялар уюштурулган; ага-ини д’Элуяр вольфрамиттен вольфрам бөлүп алган (1783); А. М. дель Рио Мексиканын коргошун кен таштарынан ванадий тапкан (1801). Механиканы жана жылуулукту изилдөө турмуш муктаждыгына карата жүрүп, жаңы типтеги токуу станогу, суу сордурма буу насосу ж. б. ойлоп чыгарылган. 19-кылымдын 20–30-жылдары Испанияда өнөр жайыдын ыкчам өсүшү илимий из. ишине көмөк берген. 1823-ж. Жарандык инженерлер мектеби, Барселонада 1850-ж. Индустрия мектеби ачылган, ошол эле жылы Испаниянын геологиялык картасын түзүү боюнча комиссия түзүлгөн. Бирок 19-кылымдын 2-жарымында Испан илиминин деңгээли Европадагы алдыңкы өлкөлөрдөн төмөн бойдон калган. Ошол эле учурда Испан биологиясы менен медицинасында да ийгиликтер байкалган (мисалы, улуу гистолог С. Рамон-и-Кахалдын эмгеги Нобель сыйлыгына арзыган). 20-кылымда өнөр жайынын өнүгүшү, техникалык прогресс, жаңыдан башталган илимий революция артта калган Испанияда да илимий из. ишин жакшыртууга түрткү берген. 1900-ж. Биология изилдөө институту, 1907-ж. Илимий изилдөөлөрдү өркүндөтүү совети ж. б. уюшулган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин машина куруу, электр-техникалык жана электрондук өнөр жайынын ылдам өнүгүшүнө байланыштуу илимий мекемелер көбөйгөн; магнетизм, магнетохимия, сиектроскопия, ядро физикасы ж. б. тармактар боюнча илимий из. иштери өркүндөгөн.

1–5-кылымда Испандардын философиялык окуусу рим философиясынын бир бөлүгүн түзгөн. Испания вестготтордун мамлекети болуп турганда (5–8-кылымдар), философия теологияга көз каранды болгон. Арабдардын бийлиги тушунда (8–12-кылымдар) арабдардын философиясы кең кулач жайып, антикалык философиялык ойдун Испан маданиятына өтүшүнө чоң роль ойногон. 10-кылымда еврей философиясынын да очогуна айланган. 19-кылымдын 2-жарымында немис ойчулу К. Краузенин философиясы, неокантчылык, неогегелчилик, позитивизм, 19-кылымдын аягынан маркстык философия жайылган. 2-кылымдын аягынан анализдик философия өнүгүүдө.

Адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Испания адабияты испан тилинде жана баск, каталан сыяктуу майда элдердин тилинде өнүгүүдө. Ал о. кылымда фольклордун, антикалык жана араб маданиятынын таасиринде калыптанса, реконкиста мезгилинде элдик лирика менен баатырдык эпос («Менин Сидим жөнүндө ыр», 1140-ж. ченде жазылган), о. кылымда клерикалдык-рыцардык адабият негизги орунду ээлеп, роман жазуу өнүккөн. Кайра жаралуу доорунда (15-кылымдын аягы 16-кылымдын башы) Ф. де Рохастын «Селестина» роман-драмасы театрдын калыптанышына себеп болсо, М. Де Сервантестин «Дон Кихот» романы дүйнөлүк адабияттын алтын казынасына кирип, ири чыгарма катары таанылган. 16-кылымда Лопе Ф. де Вега Кариьо, Лопе де Руэда ж. б. чыгармаларында ренессанстык драма калыптанган. 17-кылымда барокко адабияты, 18-кылымда классикалык жана реалисттик багыт, 19-кылымда натурализм идеялары өнүккөн. 20-кылымда акын жана драматург Гарсия Лорканын чыгармачылыгы көрүнүктүү орун ээлейт. Өлкөдө 1939-ж. республикалык бийлик жеңилгенден кийин, Испан адабиятынын кедери кетип, көп адабиятчылар чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон. 50–60-жылдарда Пио Бароха (1872–1956), 1956-ж. Нобель сыйлыгынын лауреаты болгон. Хуан Рамон Хименес (1881–1958), 1977-ж. ушул эле жогорку сыйлыкка татыган Висенте Алейксандре (1898–1984), 1980–2000-жылдарда К. Рохас, Х. Фернандес Сантос, М. Делибес, Х. Хименес Лосано ж. б-дын чыгармалары белгилүү.

Археологиялык эстеликтер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Испания аймагында аскага оюп түшүрүлгөн байыркы эстеликтер палеолит дооруна таандык. Испанияда ошондой эле Рим баскынчылары менен вестготтор тушундагы архитектура, зер өнөр чыгармалары сакталган. Арабдардын маданияты Испан архитектурасына чоң таасирин тийгизип, бир топ ажайып архитектуралык имараттар курулган, алсак, Кордова шаарындагы мечит (8-кылым), Гранададагы Альгамбра сарайы (13–15-кылымдар) ж. б. Реконкиста учурунда архитектура жана көркөм сүрөт өнөрү өз алдынча калыптана баштаган. 14–15-кылымдарда Испания готикасынан мавритан архитектурасынын таасири көбүрөөк байкалат. 16-кылымда итал. искусствонун таасири астында маньеризм мектеби калыптанып, скульптор Алонсо Берругете (1490–1561), живописчилер Луис де Моралес (1510–86), Эль Греко (1541–1614) ж. б. анын көрүнүктүү өкүлдөрүнөн болгон. Көркөм сүрөт өнөрү 17-кылымда жогору өнүгүп, Хусепе де Рибера (1591–1652), Бартоломе Эстебан Мурильо (1618–1682), Франсиско Сурбаран (1598–1664), Дьего де Сильва Веласкес сыяктуу белгилүү сүрөтчүлөрдүн чыгармалары жаралган. 18–19-кылымдагы Испания искусствосунун өрүш алышы Ф. Гойянын чыгармачылыгы менен байланыштуу. 20-кылымдын биринчи жарымында Испан искусствосунун салттары кайрадан жанданат. Бул мезгилде дүйнөлүк искусствого «модерн генийи» деп аташкан арх. Антонио Гауди, жиповисте сюрреализмдин көрүнүктүү өкүлү Сальвадор Дали (1904–89), кубист Хуан Грис (1887–1927), абстракционист Хуан Миро (1893–1983) жана Пабло Пикассо жаңы багыттар менен киришкен.

Музыкасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Испания музыкалык маданиятынын гүлдөп өскөн учуру 16-кылымга таандык. Бул мезгилде Кристобаль де Моралес (1500–53), Томас Луис де Виктория (15481611), ошондой эле Антонио де Кабесон (1510–66) сыяктуу композиторлор клавесин жана орган үчүн музыка жаратышкан. 19-кылымда улуттук музыканын жаралуусуна Испан композитордук мектебин негиздеген Фелипе Педрель (1841–1922) зор салым кошкон. 20-кылымдын башында Энрике Гранадос (1867–1916), Исаак Альбенис (1860–1909), Мануэль де Фалья (1876–1946) ж. б. композиторлор Испан музыкасын Европага тааныткан чыгармаларды жаратышкан. Дүйнөгө таанымал Пласидо Доминго, Хосе Каррерас жана Монтсеррат Кабалье сыяктуу опера ырчылары тарбияланып чыгышкан.

Бий өнөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Испания эллинизм доорунда эле бий өнөрү менен белгилүү болгон. Байыркы Римде Кадис бийчилери атак алган. Исреска, сарсуэла (17-кылымдан), тонадиль (18-кылымдын 2-жарымынан) ж. б. бийлер кеңири таралган. 18-кылымда болеро, 19-кылымда танго бийлери пайда болгон. Алардын ар бири өзүнүн гана музыкалык аспаптары [гитара, мандолина, кастаньета, тамбурин, флейта, чоор (свирель) ж. б.] менен коштолгон. 1978-ж. Мадридде Испания улуттук балети, 1979-ж. Классикалык балет негизделген; Мадриддеги опера театрында белгилүү балет труипасы, ошондой эле бий коллективдери иштейт. Испанияда театр өнөрү да өнүккөн. Орто кылымдарда диний жана калк театрлары айкалыш өнүккөн, 16-кылымдан профессионал труппалар жана калк театрлары (корраль) ачылган. Агартуу доорунда Испан маданияты француздардын таасиринде болгон. Испанияда азыр көптөгөн драма, ошондой эле опера театрлары иштейт.

Киносу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Испанияда биринчи көркөм фильм («Ферманын мактанчаактары паркта», режиссёр Ф. Хелеберт) 1905-ж. коюлган. Эң белгилүү Испан кинорежиссёрлорунун бири Луис Бюнюэль (1900–1983). 1928-ж. Сальвадор Дали менен бирге сюрреалисттик «Андалусия ити» аттуу фильм тарткан. Ал жарандык согуштан кийин Испанияны таштап кетүүгө аргасыз болуп, Мехикодо жашап, «Талкалоочу периште» (1962), «Күндүзгү сулуу «(1967) ж. б. бир нече кинофильм жараткан. Франколук режимдин тушунда чет элге да таанымал болгон Карлос Саура, Педро Альмодовар жана Фернандо Труэва сыяктуу кинорежиссёрлор чыккан.

20-кылымдын аягы – 21-кылымдын баш ченинде демократиянын шарапаты кино жанрына да тийген. Бул мезгилде улуттук кинодо классикалык чыгармаларды тартуу менен катар (Л. Г. Берланга, Х. А. Бардем ж. б.) жаңы жанрдагы, алсак, психологиялык, эротикалык кинолор да (Гутьеррес Арагон, Х. Медем, А. Аменабар ж. б.) жаралган. Ф. Рей, Ф. Рабаль, А. Бандерас, В. А. Абреиль, П. Крус, К. Бардем ж. б. киноактёрлору белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. INE. Instituto Nacional de Estadística. Текшерилген күнү 19 -май (бугу) 2022. Түп булактан архивделген күнү 30 -декабрь (бештин айы) 2020.