Испания улуттук футбол курамасы
| Испания улуттук футбол курамасы | |||
|---|---|---|---|
| Лакап аттары | Кызыл фурия (исп. La Furia Roja) | ||
| Конфедерациясы | УЕФА (Европа) | ||
| Федерациясы | Падышалык Испания футбол федерациясы | ||
| Башкы машыктыруучусу |
Луис де ла Фуэнте | ||
| Капитаны | Унаи Симон | ||
| Эң көп оюн саны |
Серхио Рамос (180) | ||
| Мыкты бомбардири |
Давид Вилья (59) | ||
| Үй стадиону | Испаниядагы стадиондор | ||
| ФИФА коду | ESP | ||
| ФИФА рейтинги | |||
| Азыркы | 2 ▼ 1 (1- апрель 2026)[1] | ||
| Мыкты | 1 (июль 2008 — июнь 2009, октябрь 2009 — март 2010, июль 2010 — июль 2011, октябрь 2011 — июль 2014, сентябрь 2025—а. у.) | ||
| Төмөнкү | 25 (март 1998) | ||
| Формасы | |||
| |||
| Биринчи оюн (Антверпен, Бельгия; 28-август 1920) | |||
| Эң ири жеңиш (Мадрид, Испания; 22-август 1933) | |||
| Эң ири жеңилүү (Амстердам, Нидерланд; 4-июнь 1928) (Лондон, Англия; 9-декабрь 1931) | |||
| Дүйнө чемпионаты | |||
| Катышуусу | 16 (биринчи жолу 1934-жылы) | ||
| Жетишкендиги | Чемпион (2010) | ||
| Европа чемпионаты | |||
| Катышуусу | 12 (биринчи жолу 1964-жылы) | ||
| Жетишкендиги | Чемпион (1964, 2008, 2012, 2024) | ||
Испания улуттук футбол курамасы (исп. Selección Española de Fútbol) — эл аралык футбол мелдештеринде Испаниянын атынан чыгуучу команда. Кураманы башкарган уюм — Падышалык Испания футбол федерациясы. Федерация 1913-жылдан бери ФИФАнын, 1954-жылдан бери УЕФАнын мүчөсү болуп саналат.
Испаниянын курама командасы Европа жана дүйнөдөгү алдыңкы командалардын бири болуп эсептелет: алардын эсебинде Европа чемпионатынын төрт титулу бар — 1964, 2008, 2012 жана 2024-жылдары (Испания Европа чемпиондугун коргогон биринчи команда болгон), ошондой эле 2010-жылы дүйнө чемпиону болгон (2010-жылдын 11-июлунда финалда Нидерланд командасын 1:0 эсебинде жеңген).
2008-жылдын июль айында Испания ФИФАнын курама командалар рейтингинде биринчи орунга чыккан жана бул жетишкендикке дүйнө чемпиондугун утпай туруп жеткен тарыхтагы биринчи команда болгон. 2026-жылдын 19-январына карата курама ФИФА рейтингинде 1-орунда турат.
Курама команда үчүн эң көп оюн өткөргөн футболчу — Серхио Рамос (180 оюн); ал эми эң мыкты бомбардир — Давид Вилья (59 гол).
| Бул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ The FIFA/Coca-Cola World Ranking (англ.) (1- апрель 2026).
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Австрия • Азербайжан • Албания • Аңглия • Андорра • Армения • Беларусь • Бельгия • Болгария • Босния жана Герцеговина • Венгрия • Германия • Гибралтар • Грекия • Грузия • Дания • Израиль • Ирландия • Исландия • Испания • Италия • Казакстан • Кипр • Латвия • Литва • Лихтенштейн • Люксембург • Македония • Мальта • Молдавия • Нидерланддар • Норвегия • Орусия • Польша • Португалия • Румыния • Сан-Марино • Сербия • Словакия • Словения • Түндүк Ирландия • Түркия • Украина • Уэльс • Фарер аралдары • Финляндия • Франция • Хорватия • Черногория • Чехия • Швейцария • Швеция • Шотландия • Эстония | |
| ГДР • Ирландия (1882—1950) • КМШ • Орусия империясы • Саар • Сербия жана Черногория • СССР • Улуу Британия • Чехословакия • Югославия |