Мазмунга өтүү

Истамбеков Аден Бекембаевич

Википедия — ачык энциклопедия

Истамбеков Аден Бекембаевич [3. 7. 1903, Жети-Суу облусу, Каракол уезди, Ичке-Жергез кыштагы (азыркы Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району) – 9. 1. 1939, Фрунзе] – аскердик жана коомдук ишмер, подполковник, республиканын алгачкы аскер комиссары. Ташкент аскер окуу жайындагы командирлерди даярдоочу атайын курсун (1922), Москвадагы Аскер педагогикалык жогорку мектебин (1927), САГУнун тарых факультетин, Ленинграддагы аскер тактикасын окутуучуларынын курсун, Москвадагы В. И. Ленин атындагы саясий академияны (1937) бүтүргөн. Ата-энеси менен бирге 1906–13-ж. Иркутскиде сүргүндө болуп, кайтып келгенден кийин чиркөө мектебинен окуган. 1916-ж. Үркүндө Кытайга барып, 1917-ж. кайра келген. 1922–24-ж. 813(өзгөчө) ротанын командиринин жардамчысы, командири, 1924–31-ж. Ташкенттеги В. И. Ленин атындагы Жогорку аскер мектебинде взводдун командири, инструктор, согуш тактикасын үйрөтүү боюнча окутуучу, окуу бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы, парткомдун жооптуу секретары, 1931–32-ж. Орто Азия аскер округунун атчандар мектебинде окуу бөлүмүнүн начальнигинин жардамчысы, 1932–33-ж. парткомдун жооптуу секретары, 1933–36-ж. казак атчандар полкунун командиринин саясий иштер боюнча жардамчысы, 1936–37-ж. 53-кыргыз атчандар полкунун аскер комиссары, 1936–37-ж. Фергана тоо атчандар дивизиясынын саясий бөлүмүнүн башчысы, 1937-жылдын март айынан полктун командири болуп иштеген. Кыргызстан КП(б) БКнын мүчөсү, Фрунзе шааркомунун бюро мүчөсү (1937). 1937-ж. декабрда буржуазиялык улутчул деген жалаа менен репрессияланып, 1939-ж. атылган. 1958-ж. толук акталган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]