Исхаков, Мелис

Википедия дан

Исхаков, Мелис (1946, Кочкор району, Ак-Учук айылы) — Кыргыз драма театрынын сүрөтчү - коюучусу.

Ташкендеги Островский атындагы көркөм-театр институтун бүтүргөн (1970). Кыргыз драма театрында эмгектенип, элүүдөн ашык драмалык спектаклдердин көркөм жасалгалоочу-сүрөтчүсү катары өзүн көрсөтө алды. Ж. Садыковдун “Айкөл Манас”, “Манастын уулу Семетей”, “Сейтек” драмаларын жасалгалаган. И. спектаклдердеги окуялардын идеялык маанисин, мазмунун толуктоо максатында кийимдердин эскизин, сахнадагы көрүнүштөрдү (М. Сыдыкбаев менен бирге) көркөмдөгөн. И. негизинен үчилтикти драмага өзүнүн сүрөтчү-коюучу жөндөмдүүлүгү менен көрүүчүлөргө жылуу сезим калтырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4