Италян тили
Италян тили – италяндардын тили. Италия Республиканын жана Сан-Марино Республикасынын расмий тили. Италян тилинде Швейцария, АКШ, Түштүк Америка мамлекеттеринде (өзгөчө Бразилия, Аргентина), Франция, Сомали, Бельгияда жашаган италян эмигранттары сүйлөшөт. Италян тили роман тил тобуна кирет. Үч диалектиге (Түндүк, борбордук, түштүк) бөлүнөт. Башка роман тилдерине караганда фонетикалык жагынан латынга жакын. Сөздөрү көбүнчө ачык муундан турат. Италян тилинде зат атоочтун сан жана этиштин жак, чак, ыңгай категорияларынын маанилери флексия аркылуу берилет. Жазуусу латын графикасынын негизинде. 14-кылымда Данте бүткүл Италия үчүн жалпы адабий тил идеясын киргизип, 16–17-кылымдарда италян адабий тили нормага салынган.[1][2]
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
Китептер[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
- Canepari, Luciano (1992). Il MªPi – Manuale di pronuncia italiana (in Italian). Bologna: Zanichelli. ISBN 978-88-08-24624-0.
- Berloco, Fabrizio (2018). The Big Book of Italian Verbs: 900 Fully Conjugated Verbs in All Tenses. With IPA Transcription, 2nd Edition. Lengu. ISBN 978-8894034813.