Ит агытып, куш салуу

Википедия дан

Ит агытып, куш салуу — байыркы элдердин жашоо тиричилигинде азык-түлүк табуу максатында качырганын куткарбаган алгыр ит (тайган) жана атайын тапталган кыраан куштар менен аңчылык айбанаттарына ууга чыгуусу. Кыргыздар башка түрк уруулары сыяктуу илгертен эле мал чарбасы менен бирге аңчылыкты кесип кылып, азык-түлүктүн айрым түрүн аңчылыктан алган. Аң уулоо куралы колдонулушуна жараша атылма (жаа, мылтык жана башкалар) жана капкан, тор, тузак болуп бөлүнөт. Алгач жаа, кылтак, тузак, тор колдонулса, кийин аңчылыкта милте менен атылма мылтык, капкан көбүрөөк колдонула баштаган. Кыргыз элинде тузак, капкан салуу, мергенчилик, мүнүшкөрлүк кылуу, бүркүт салуу, тайган агытуу дагы ушундай сыяктуу кеңири таркап, ар бири өзүнчө жарым-жартылай кесип катары эсептелген. "Манас" эпосунда жана “Жаныш-Байыш”, “Эр Табылды” эпосторунда да И. а., к. с. өнөрү аңчылыктын өзүнчө түрү катары айтылат. Ошондой эле И. а., к. с. жөнүндөгү сюжет түрк-моңгол элдеринин эпосторунда байыркы доорлордон бери келаткан ардактуу салт катарында орун алышы мыйзам ченемдүү көрүнүш. Алтайлыктардын “Маадай-Кара”, “Боодый-Мерген” эпосторунун баш каармандарынын окшош эки кара бүркүтү, эки кара тайганы болгондугу айтылат. “Кан-Сулутай” эпосунда бүркүт, тайгандан башка аюусу да болот. “Алтай-Буучайда” эки боз шумкар, эки боз тайган сүрөттөлөт. Булар негизинен эпикалык баатырлардын ата-журтун душмандардан коруп, кароолчулук милдет аткарышат. Ошондой эле Алтай-Буучай аң уулоого эки тайганы менен барса, Манас да “Ит агыта, куш салып Жети жигит кошчу алып” (Сагымбай Орозбаков, 1. 234) дегендей бардык варианттарда Кумайык баатырлардын жөнөкөй гана аңчылык тайганы болбостон, өзгөчө бир касиеттүү жаныбар катары сүрөттөлөт. Манас өлгөндө анын башка сыйкырдуу жаныбарларындай эле Кумайык аза күтөт. Семетей Букардан Таласка алгач келгенде жолунан биринчи болуп тосуп чыгат. Кийин Семетей Кыястан жарадар болгондо, сөөгүн душмандан коргоп Алтай-Буучайдын эки боз тайганы сыяктуу Кумайык да эч кимди жолотпойт. Айрым изилдөөчүлөрдүн (Р. Сарыпбеков) пикири боюнча бардык учурда тең ал иттен кушка айланган укмуштуу жандык, же бир эле учурда ит да, куш да болгон аргын жаныбардын баштагы аргын образы экиге ажырап, өз-өзүнчө персонификацияланган иттин атрибуту Кумайыкка куштун атрибуту Акшумкарга айланган. Манас өлгөндө “алтын туурун талкалап, жибек боосун тытып, айды көздөй сызып” кетип калган Акшумкар Семетей эр жетип, элине келээр жолуна уя салып, “куу арыктуу дайрадан куу бөктөрүп”, “капчыгайлуу зоолордон каз бөктөрүп”, “Качып калган түлкүнү Шукшуруп алып Акшумкар “Келегой жетим” дегенсип” (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 549-инв., 25-б.), Семетейди сагынычтуу тосуп алат. "Манас" эпосунда Акшумкардын идеалдаштырылышы Семетей баатырдын бейкут тиричилигинде маанилүү роль ойношуна байланышкан. Анткени көчмөн уруулардын түшүнүгүндө бүркүт, кыраан куш адамдын байлыгы эле эмес, мартабасын да көтөргөн. Элдик салт боюнча эң бир орчундуу учурларда (согуш мезгилинде, уруулардын өз ара чатактарын басууда) кушту сыйлыкка тартуулашкан. Бул жөнүндө тарыхый материалдарда ачык маалыматтар сакталган. Мисалы, Моңгол жапырыгына байланыштуу маалымат боюнча кыргыздарга Чынгызкан элчилерин жиберип, багынып берүүсүн өтүнгөн. Кыргыздар макулдугун билдирип, Чынгызканга Акшумкар тартуулаган. Акшумкардын баалуу белек, жогорку сыйлык катарында канга тартууланышы Кыпчак талаасынын каны Жаныбектин алты шумкар баш болгон баалуу белектерди Мисир султанына бергени тарыхый факты менен да аныкталат. Ошондуктан “Манастагы” Акшумкар менен Кумайыктын образынын салттык мүнөзгө ээ болушу бекеринен эмес. Айрыкча Акшумкардын образынын ачык элеске, өзгөчө мүнөзгө ээ экени “Семетей” эпосунда Семетейдин куш салуу сөөлөтүнөн көрөбүз. Салттык бул көрүнүш эпостогу окуянын жүрүшүндө майда-чүйдөсүнө чейин сүрөттөлөт. И. а„ к. с-нун ардактуулугу жана баалуулугу көлдөгү кууга салган Акшумкарды Айчүрөктүн амал менен алып кетиши, дайынсыз жоголгон шумкары үчүн Семетейдин күйүткө түшүп кайгырышы, аны жер жүзүнөн издетмекчи болгону, “Шумкар табылмайынча жер кезем, дүйнөмдү чачам” деген сөзүнөн таасын сезилет. Демек, "Манас" бөлүгүндө коллективдүү аңчылыктын салбырын сыяктуу байыркы түрү сакталса, “Семетей” чагылдырган тарыхый шартта И. а„ к. с.-нун эс алуу, ден соолук чыңоо, көңүл ачуу үчүн мааниси чоң. Буга түрк-моңгол элдеринде И. а, к. с. байыркы мезгилден тарта эле ардактуу өнөр-кесип болгондугу, баскынчы кандарга Акшумкар тартуулап адилет элдин жоодон чабылбай аман калгандыгына жогоруда келтирилген тарыхый фактылар далил болсо, элдик эпостон орун алган, мисалы, Алтай-Буучайдын эки боз тайганы менен эки боз шумкары ата-журтун душмандардан коруганы жана Семетейдин ууга чыгып Акшумкарды жоготушу, аны азап менен табышы кыраан куштардын жогору бааланышынын айкын күбөсү боло алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4