Ит сийгек

Википедия дан

Ит сийгек, боз караган (Анабазис безлистный) - кымыздыктар тукумундагы жапыз бадал өсүмдүгү.

Бийиктиги 10 смден 1 мге чейин. Бардык бөлүгү -сабагы, жалбырагы бозомук келет. Гүлү ак, көпкө гүлдөйт. Мөмөсү сары, кызыл, кызгылт түстө. Уругу - жангакча. Кээ бир түрлөрү малга тоют. Кыргызстанда 7 түрү өсөт.

Бардыгы кумдуу, кургакчыл, шагыл-таштуу жерлерде кездешет. Уулуу өсүмдүк.

Мындан жасалган дарыны жүрөк оорунун бардык түрүнө колдонсо болот. Тамыры кургатылып, майдаланып жанчылат. Анын жарым чай кашыгын 0,5 кг балга аралаштырып, бир чай кашыктан күнүгө 3 жолу ал түгөнгүчө ичип, андан соң 15 күн дем алып, жаңыдан дары жасап кайрадан улантат.

Бул процедура 4 жолу кайталанат. Жүрөк ооруга сабагын жалбырагы менен оруп, кургатып, майдалап жанчат. Анын бир чай кашыгын 0,5 л кайнак сууга демдейт.

Бир күн тундуруп, сүзүп, бир чай кашыктан 3 жолу түгөнгөнчө ичилет. Андан соң 7 күн дем алып дарылоону кайрадан улантуу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9