Ит үйрөтүү

Википедия дан

Ит үйрөтүү - итти чарбалык, спорттук жана аскердик кызмат аткарууга машыктыруу.

Үйрөнчүк ит аңчылык, цирк ж. б. иш үчүн, тайган, машке аңчылык үчүн, карышкыр ит, лайка, боксер кузөт, үй жана мал кайтартуу үчүн, жойчу санитардык иште пайдалануу үчүн үйрөтүлөт.

Ит үйрөтүүнүн 4 этабы бар:

  • 1) даярдоо (күчүктү 8-9 айлыгына чейин) -күчүктү атынан чакырып келтирүүгө жана жетекке басууга көнүктүрүү;
  • 2) жалпы курс (жалпы тил алдыруу) - жаш итти ээсинин буйругу боюнча мал айдоого, тосууга үйрөтүү;
  • 3) атайын курс - итти иштетүү үчүн атайын белгиге жатыктыруу;
  • 4) көнүктүрүү - иттин атайын белги таанышын бекемдеп, татаал шартта иштетүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.