Иудаизм

Wikipedia дан

Иудаизм – эң байыркы диндердин бири. Ал биздин заманга чейинки 13-кылымда еврейлердин улуттук дини катары пайда болгон. Еврей динчилдери өз элин «кудай тандаган эл», ал эми иудаизм аларга кудайдын өзү тарабынан берилгендигин далилдөөгө далалаттанышат. Чындыгында иудаизм башка диндер сыяктуу эле политеизмден монотеизмге карай татаал өнүгүү жолун басып өткөн. «Иудаизм.» түшүнүгү еврейлердин иуда уруусунун атынан аталган. Бул уруу бардык еврей урууларына үстөмдүк кылып, алардын Яхве (чагылган, от, суу) кудайы алгач көп сандаган кудайлардын бирине, кийин еврейлердин жалгыз кудайына айланат. Биздин заманга чейинки 13-кылымда еврейлер Палестинаны багынтып алгандан кийин Яхве кудайынын урматына Иудей дининин чордонуна айланган Иерусалим храмы курулган. Иудаизмдин өнүгүүсүндө төмөнкүдөй үч этапты айырмалоого болот: 1. Библиялык этап бул мезгилде иудейлердин Танах деп аталган ыйык китеби калыптанган. Кийин иудаизмге таянуу менен пайда болгон христианчылык Танахты эч өзгөрүүсүз кабыл алат да, аны Эски осуят деп атайт. Танахты жазууда Байыркы Чыгыш элдеринин диний ишенимдери, байыркы санжыралар, окуялар, уламыштар, мифтер, ырлар, притчалар ж. б. пайдаланылган. Танахта иудей кудайы Яхве тарабынан алты күндүн ичинде асман, күн, ай, жылдыз, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, ошондой эле алгачкы адамдардын «жок нерседен» жаралгандыгы; Эдемде (жердеги бейиште) жашаган алгачкы адамдар Адам менен Еванын жашоо-турмушу; алардын жасаган күнөөсү, башкача айтканда турмуштун жашыруун сырын билүүгө далалаттангандыгы үчүн бейиштен куулушу; топон суу; Нух пайгамбардын кемеси ж. б. тууралуу сөз кылынат. Эски осуят болуп саналган Танахта диний ишенимдер, адеп-ахлак эрежелери, үгүт-насааттар жана ар бир иудей көздүн карегиндей сактоого тийиш болгон 10 насыят чагылдырылган. Өз маңызы боюнча Танах алгачкы жамааттык түзүлүштө жана эрте кул ээлөөчүлүк доорунда жашаган адамдардын курчап турган дүйнө тууралуу көз караштарын, биздин заманга чейинки еврейлердин тарыхын, кулк-мүнөзүн, турмуш-тиричилигин фантастикалуу жана бурмалаган формада чагылдырган диний китеп болуп саналат. 2. Талмуддук этапта кул ээлөөчүлүк доордо жашаган еврейлердин диний түшүнүктөрү өнүккөн. Биздин замандын 70-жылдары Иерусалим храмы римдиктер тарабынан талкаланып, еврейлер Палестинадан куулуп, ар кайсы мамлекеттерде диаспора түрүндө жашоого аргасыз болушкан. Алар синагогаларда (сыйынуу үйү) чогулуп, Тора (мыйзам) окуп, жаңы шарттарга ылайык анын маани-маңызын чечмелешкен. Торага берилген оозеки баяндамалар, түшүндүрмөлөр кагаз бетине түшүрүлүп, аталган жыйнак Мишна («мыйзамдын кайталанышы»), кийинчерээк Гемара («толук түшүндүрмө») деп аталган. Мишна менен Гемаранын биригүүсү Талмуд («окуп-үйрөнүү») деп аталат. Талмудда динге ишенген иудейлердин кылмыш-жаза мыйзамдары, жарандык жана үй-бүлөлүк укуктар, адеп-ахлак нормалары, диний догмаларга берилген түшүндүрмөлөр, культтук иш-аракеттин эрежелери чагылдырылган. 3. Реформациялоо этабында иудаизмди модернизациялоого болгон тенденциялар күч алат. Учурда иудаизмде көп сандаган агымдар жана секталар бар. Иудаизм дини еврей элинин «кудай тарабынан тандалгандыгына» же мессиянын (кудай тарабынан өз бийлигин түбөлүк орнотуу үчүн жерге жиберилген куткаруучу) келишине, жандын өлбөстүгүнө, тиги дүйнөдөгү түбөлүк жашоого, Танах менен Талмуддун ыйыктыгына ишенүү түзөт. Иудейлердин пикири боюнча Яхве чыныгы кудай, ал дүйнөнү «жок нерседен» жараткан, ага сыйынуу ар бир еврейдин ыйык парзы болуп эсептелет. Танахта Яхвенин душмандарын массалык түрдө өлтүрүү фактылары да сүрөттөлгөн. Иудаизмде тотемизм (мисалы, чочконун, коёндун, жылкынын этин жегенге болбойт), анимизм (тамак-ашка «дененин кандагы жаны» болуп саналган канды пайдаланууга тыюу салынат) жана фетишизмдин (Танахтан алынган үзүндүлөр, цитаталар сакталган кутуча болуп саналган филактерийлерге сыйынуу) саркындылары сакталып калган. «Кудай тарабынан тандалган» деп аталган догмага ылайык Яхве еврейлерди артыкча жакшы көрүп, аларды башкалардан жогору койгон. Анын белгиси катары кудай еврейлер менен келишим түзөт, ал эми еврейлер башкалардан айырмалануу максатында сүннөткө олтуруу ырымын кылышат. Яхве еврейлерди коргойт, ал эми еврейлер Яхвеге ишениши абзел. Иудейлер акыр заман күнү еврейлердин душмандарын жазалап, дүйнөдөгү жамандыкты жойгон мессиянын келишине ишенишет. Мессиянын келиши менен дүйнөдө теңдик менен адилеттик орнойт. Мессия еврей элине өзгөчө жыргалчылыктарды тартуулайт. Түркүн жер-жемиштер пайда болуп, оору-сыркоо, согуштар жоголот, еврейлер 1000 жылга чейин жашап, татыктуу доорон сүрүшөт. Иудейлер жандын өлбөстүгүнө жана тиги дүйнөгө ишенишет. Алар үчүн Танах менен Талмуд ыйык китептерден болуп саналат. Израилде бул китептер мектептерде окутулуп, алардын текстин жакшы билгендердин арасында конкурстар өткөрүлөт. Диний жамааттын 10дон кем эмес мүчөлөрүнүн катытуусу менен динчил иудей күн сайын үч маал кудайга сыйынып (Яхве кудайына арыз-муң, өтүнүчтөр менен кайрылуу) жана жеген тамагы, ичкен суусу, уйкусу ж. б. үчүн Яхве кудайын мактап турууга тийиш. Иудейлер орозо кармашат, жаңы төрөлгөн эркек балдарды сегизинчи күнү сүннөткө олтургузушат. 1948-ж. Израиль мамлекети түзүлгөн соң, иудаизм анын расмий динине айланган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]