Иудей падышачылыгы

Википедия дан

Иудей падышачылыгы (б. з. ч. 928-586-ж. ченде) - Түштүк Палестинадагы байыркы мамлекет.

Б. з. ч. 11-кылымдын акырында Израиль-Иудей падышалыгы кулагандан (Соломон падыша өлгөндө) кийин тузулуп, аны Давиддин укум-тукуму башкарган. Иудей падышачылыгынын борбору Иерусалим болгон. Падыша Реховоам сураган жылдары (928-911) Иудей падышачылыгына египеттер басып кирип, Израиль падышалыгы да согуш ачкан. Бул жагдай Иудей падышачылыгын өзгөчө жакырланткан. Падыша Узия сураган жылдары (785-733) Иудей падышачылыгы Идумеяны контролдоого жана Кызыл деңизге чыгууга мумкундук алган. Ал эми падыша Хизкия (727-698) Ассирия менен согушуу коркунучунан улам аскердик, экономикалык, соЦиалдык жана диний ырым-жырым боюнча бир катар реформа жүргүзгөн.

Иудей падышачылыгынын тарыхындагы орчундуу учур - падыша Иосиянын (639-609) доору. Бул кезде Иудей падышачылыгы ассириялыктардын эзүүсүнөн бошонуп, мурдагы Израиль падышалыгынын аймагынан өзүнө кошуп алган.

Иудей падышачылыгын кийин бийлегендер Вавилонияга эмес, Египетке таянууга аракет кылган. 587-ж. Иудей падышачылыгын Вавилония падышасы Навуходоносор II басып алып, Иерусалим менен чиркөөнү өрттөп, элинин көбүн туткундаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.