Ихтиофауна
Көрүнүш
Ихтиофауна (Грек тили ichthys - балык жана фауна) - кандайдыр бир зоогеографиялык областтын көлмөлөрүндө, сууларында, ошондой эле Жер тарыхынын тигил же бул мезгилинде жашаган балыктардын жыйындысы.
Көп суулардын Ихтиофаунасынын теги бирдей эмес. Ал географиялык келип чыгышы түрдүү жана өзүнчө фауналык комплекстерге топтолгон түрлөрдөн чогулат. Ихтиофаунанын байлыгы аны түзгөн баштапкы фауналык комплекстер, суунун тарыхы, о. эле балыктардын түрлөрүнүн азыркы жашоо шарты менен аныкталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.