Ичке чопо кени
Көрүнүш
Ичке чопо кени Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда, Токтогул шаарчасынан 9,3 км чыгышта, Нарын д–нын оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 940–1100 м бийиктикте. 1978–80-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аянтынын геол. түзүлүшүнө плиоцен, плиоцен – алгачкы төртүнчүлүк жана төртүнчүлүк мезгилиндеги катмарлар катышат. Пайдалуу катмар плиоцен мезгилинде пайда болгон таштай катуу, бирок сууда эзилүүчү, калыңдыгы 295 м болгон чопо кабаты эсептелет. Чопо кирпич өндүрүүгө жарамдуу. Запасы А категориясы боюнча 137 миң м3, В–370 миң м3, С1–747 миң м3, А+В+С1–1254 миң м3.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |