Ички органдардын түшүшү

Википедия дан

Ички органдардын түшүшү — бир же бир нече ички органдын кадимки калыбынан төмөн жайгашуусу. Демейде карын, ичегилер, бөйрөк, боор, көк боор түшөт. Ички органдардын түшүшүнө ич жана жамбаш булчуңдарынын начарлашы, ички органдарды бириктирүүчү байламтанын бошоңдошу себеп болот. Аялдардын ички органдары көп түшөт. Ага дайыма ичке күч келтирүү, өтө арыктоо, төрөттөн кийин оор жумуш жасоо түрткү болот. Ылдыйлап кеткен ички органдын иши бузулат (тамакка табити тартпай, жүрөгү айланат, кекирет, зарна болуп, ич катат), башы ооруйт, алы кетет.

Карын жана ичегиси түшкөн оорулуу туруп турганда ичи сыздап, төмөн жагы тартышып ооруйт, жатканда, өйдө көтөргөндө басаңдайт; бөйрөк түшкөндө бел ооруйт.


Ички органдардын түшүшүн алдын алууда гигиена жана тамактануу режимин сактоо, тамакты ашык ичпей, ичти катырбоо, физкультура жана спортко катышуу чоң мааниге ээ. Оорулууну врач дарылайт. Айрым учурда бандаж кийүү, ич булчуңдарын чыңдоочу гимнастика жана башка сунуш кылынат.


Ички органдар: 1—коко; 2—калкан бези; 3—кекиртек (трахея); 4,20—опкө; 5—жогорку көңдөй вена; б—толто; 7—жүрөк проекциясы (пунктир сызык менен берилген); 8— боор эт проекциясы (кызыл сызык менен берилген); 9— плевра чеги (көк сызык менен берилген); 10— кабырганын догосу; 11—боор; 12—өт баштыгы; 13, 23, 25, 31—жоон ичеги; 14— мөөн; 15—аппендикс — курт сымал өсүндүнүн проекциясы (пунктир сызык менен берилген), 16, 24—ичке ичеги; 17—акырек; 18—далы; 19—кабыргалар; 21—көк боор; 22—карын; 26—бөйрөк үстүндөгү без; 27—уйку без; 28—бойрок; 29—заара агуучу түтүк; 30—жамбаш; 32—көтөн чучук; 33—кулкун; 34. 35—кызыл өңгөч; 36—куймулчак; 37—чычаң; 38—арткы тешик.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8