Мазмунга өтүү

Ичтен туюнтуу

Википедия — ачык энциклопедия

Ичтен туюнтуу "Манас" айтуу өнөрүндө, "Манас" айтууда манасчы актёрдук өнөрдүн ичтен туюнтуу принцибин пайдаланат. Бир да образ көрсөтүп туюнтуу аркылуу жаралбайт. "Манас" айтып жаткан аткаруучу сөзсүз түрдө кейипкерлеринин “терисине кирип” кетет да, образды анын ички ал-абалын көрсөтүү аркылуу жаратат. Ошон үчүн манасчынын эмоциялык абалы өзгөчө концентрацияланган деңгээлде турат. Манасчы каарманы кубанса кошо кубанып, кайгырса кошо муңга чөгөт. Маселен, Каныкейдин Тайторуну чапканын айтканда Саякбай Карала уулунун көзүнөн бурчактаган жаш кетип, өңү буркураган муңдуу абалга келет Же болбосо Манас жоосун жеңип кубанып турганда манасчы жадырап-жайнап, үнү шаңдуу чыгып, жигерденип калат. Айтуучу жеке эле кейипкеринин ички ал-абалын көргөзүп гана тим бөлбөйт, ал өзү да чын дилинен кошо кубанат, кошо кайгырат. Бул принцип да актёрдук өнөрдүн бир белгиси болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4