Ишеним кат

Википедия дан

Ишеним кат – башка жактын (ишеним көрсөтүүчүнүн) атынан бүтүмдү же башка укуктук аракетти жасоого өкүлдүн укугун аныктоочу документ. Ыйгарым укугунун көлөмүнө жараша ишеним үч түргө бөлүнөт: 1) бир жолку бир конкреттүү аракет жасоого (мисалы, эмгек акы алууга); 2) атайын кандайдыр бир түркүн аракетти жасоого (мисалы, ишкананын юрисконсультунун арбитражга чыгуусуна); 3) жалпы же генералдык ишеним көрсөтүүчүнүн мүлкүн жалпы башкарууга келишимдерди түзүүгө ж. б. Ишеним кат аракети анын мөөнөтү бүткөндөн, ишеним көрсөтүүчү ишеним катты жокко чыгаргандан, ишеним көрсөтүлгөн жак баш тарткандан, атынан ишеним кат берилген юридикалык жак жоюлгандан кийин жана мыйзамдарда каралган башка учурларда токтотулат. Ишеним кат түрлөрү, аны ишке ашыруу ыкмалары, анын аракетинин мөөнөтү ал берилген өлкөнүн мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]