Ишен-Булак мөңгүсү

Википедия дан

Ишен-Булак мөңгүсүКүнгөй Ала-Тоонун түштүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. узундугу 2,9 км, аянты 4,2 км2. Чоң Ак-Суунун алабында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4650 м, этеги 3400 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4000 м. Абляциянын аянты 2,2 км2. Мөңгү оң капталдагы кар көчкүлөрдөн куралат. Куралуу облусу мөңгүнүн «тилинен» омкорулма муздар аркылуу бөлүнөт. Мөңгүнүн бети тегиз, муз жаракалары менен тилмеленген. Мөңгүдөн Ишен-Булак суусу башталып, Чоң Ак-Сууга сол жактан куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]