Ишкананын накта кирешеси
Ишкананын накта кирешеси – чарбалык практикада ишкананын накта кирешеси пайда деп аталат. Анын бир бөлүгү мамлекеттин борборлоштурулган накта кирешесине түшөт, калган бөлүгү ишкананын карамагында калып, жүгүртүлчү каражатты толуктоо, борборлоштурулган капитал салымдарын финансылоо, экономикалык кызыктыруу фонддорун түзүү жана ишкананын (бирикменин) пландагы башка чыгымынын ордун финансы жагынан толуктоо үчүн пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|