Исхак Раззаков

Википедия дан
И.Раззаков‎»‎ барагынан багытталды)
Исхак Раззакович Раззаков
Исхак Раззакович Раззаков
Желек
Желек
Кыргызстан КП БКнын 1-секретары
желек
желек
10-июль 1950 — 9-май 1961
Андан мурунку: Николай Боголюбов
Андан кийинки: Турдакун Усубалиев
Желек
Желек
Кыргыз ССР Министрлер Советинин Председатели
желек
желек
14-ноябрь 1945 — 10-июль 1950
Андан мурунку: Төрөбай Кулатов
Андан кийинки: Абды Сүйөркулов
 
Туулган жылы: 25-октябрь 1910
Туулган жери: Коросон айылы, Фергана облусу, Орусия империясы
Каза болгон жылы: 19-март 1979
Каза болгон жери: Москва, ОСФСР, КСРБ
Мүрзөсүнүн орду: Ала-Арча көрүстөнү
Атасы: Раззак
Жубайы: Роза Ибрагимова
Балдары: 1 уул, 1 кыз
Партиясы: ССКП
 
Сайты: http://pkk.kg/index.php

Исхак Раззакович Раззаков (25-октябрь 1910-жыл, Коросон айылы, Фергана областы, Орусия империясы19-март 1979, Москва шаары, КСРБ) — Кыргыз элинин улуу жетекчиси, мамлекеттик жана саясий ишмер. Кыргыз Республикасынын Баатыры. Сталиндин кадры.

Рамис деген бала болуптур анын колу кичине экен мен азыр кол туралуу айктан жокмун

1945 – 61-жылдары элибизге албан эмгек өтөп, 35 жашында Министрлер Советинин Председатели, 40 жашында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Биринчи катчысы болот. Ошентип, Октябрь революциясынан кийин 33 жыл өткөн соң гана Москва республикалык партиялык уюмду, демек Кыргызстанды башкаруу милдетин биринчи ирет кыргыз кулунуна ишенип тапшырган… Төрт Ленин, эки Эмгек Кызыл Туу ордендери, Ата Мекендик согуштун биринчи даражадагы, Кызыл Жылдыз ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.

Ошол кездери мен Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде инструктор болуп иштеп жүрүп, Исхак Раззаковичтин акылман, ишмер, адилет, эң таза, кадрларга, өзгөчө жаштарга камкор экенин жакындан өз көзүм менен көргөн элем. Кызыгы, чоң-чоң жыйындарда чечендик учкул сөздөрү менен элди сөзсүз 2-3 ирет күлдүрүп, отургандардын маанайын көтөрүп коймой артыкчылыгы да бар эле. Чыныгы Жолбашчы, нукура Көсөм эле деп ошол кишини айтуу керек!

И.Раззаков

Айрыкча, ал элибизди түндүк-түштүккө, урук-урууларга жиктөө, жердешчилик өңдүү эски калдыктарды өтө зыяндуу илдет катары эсептеп, ага каршы күрөшкөнүн баса белгилемекчимин.

1955 – 56-жылдар болуу керек. Идеологиялык иштин абалы боюнча Кыргызстан КП БКнын чоң жыйыны өткөн. Ораторлор сөздөрүн бүткөн соң И.Раззаков корутунду сөз менен чыгып сүйлөйт. Ага берилген бир суроону ачык окуп берет. Анда “Эмне үчүн Илимдер академиясында жана партиялык-советтик кызматтарда жалаң эле Түндүк жактан, Ысык-Көлдөн келип иштеп жатышат?” – делиптир. Аягына кол коюлбаптыр. И.Раззаков күлүмсүрөп: “бул суроого жооп бербесе да болот эле. Себеби, ээси жок, колу да жок. Ошого карабастан жооп бербесек болбойт. Анткени, суроо өтө манилүү. Суроону берген адам Кыргыздын тарыхын билбесе керек. Демек, мен бир аз токтолоюн… Падышалык Россия мурда Кыргызстандын түндүк жагын каратып албады беле? Ошондой эле, Советтик бийлик да түндүк жакта мурда болбоду беле? Биринчи техникумдар, жогорку окуу жайлары да мурда пайда болбоду беле? Ошондуктан, кадрларды даярдоо ушул жактан башталбады беле?..Карагылачы, педтехникумду, медтехникумду бүтүргөн 16 –17 жаштагы балдарын путевка боюнча түштүккө кызматка жөнөтүп жатып, маңдайынан сылап, бетинен өөп, узатып жатып “жакшы иштегиле” деген ата-энелерге биз чоң рахмат айтуубуз керек ! -дегенде, залда отургандардын баары дүркүрөтө кол чабышкан. Ошентип, ал балдар окууну бүтүп, түштүк жакка келип, билимин таратуунун натыйжасында, түштүк жактан билимдүүлөр, академик-профессорлор өсүп чыгышына мен толук ишенем”, – деп өз сөзүн бүтүргөн. (“Эркин Тоо”, 13-сентябрь, 2005).

Кийин пенсияга чыкканда да И.Раззаков кичи мекени Кулунду айлына барганда бир жердеши “Сен бийликте турганда кадрларды жалаң Түндүктөн тандоочу элең”, – деп, кычык сөз айтканда Искак Раззаковичтин “Мен үчүн Кыргызстан – бир жер, бир эл !” – деп, берген жообу элибизде учкул сөзгө айланды. Маркумдун бул сөзү бардыгыбыз, айрыкча жетекчи кадрларыбыз үчүн ураан болуп калышы керек!

Эми сөз Кыргызстан КП БКнын Биринчи секретары И.Раззаковдун жана Министрлер Советинин Председатели К.Дикамбаевдин адилетсиздик менен иштеринен кандайча бошотулганы жөнүндө болсун. КПССтин тарыхый ХХ съездинен (ага И.Раззаков, К.Дикамбаев да катышкан) кийин өлкөдө кырдаал жакшы жагына өзгөрө баштады. Съезд союдук жана автономиялык республикалардын укуктарын кеңейтүүнү, жергиликтүү шарттар менен өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен зарыл маселелерди өздөрү чечүү үчүн аларга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү берүү керектигин белгиледи. Москва көрбөй-билбей келген жергиликтүү көйгөйлөр эми туура чечилет деген үмүт-тилектер да туулду. Кыскасы, өз алдынчалыгыбыз күчөйт деген ойго келдик. А бирок…

1961-жылдын 8 – 9-майында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин VI пленуму болуп, ал “Эл чарбасын башкарууда жана кадрлар менен иштөөдө кетирген чоң каталары жана кемчиликтери үчүн” партиянын Борбордук Комитетинин биринчи секретары И.Р.Раззаковду, “Министрлер Советинин ишине начар жетекчилик кылгандыгы үчүн” Министрлер Советинин Председатели К.Дикамбаевди иштеринен бошотту. Атайын айтылган официалдуу “себеп” ушул эле. Бирок, бул чечим иштен эптеп кетирүүгө, чыныгы көздөгөн максатты жашырып-жабууга курулай шылтоо гана болгон. Эмесе эл, коомчулук билсин үчүн дал ушул жөнүндө ачыгын айталык.

1956-жыл Кыргызстан үчүн ыңгайлуу болду. Ошол жылы пахтадан, кант кызылчасынан жана башка өсүмдүктөрдөн жогорку түшүм алынды, эт, сүт өндүрүү да бир кыйла артты. Айыл чарбасын өнүктүрүүдө жетишкен бул ийгиликтери үчүн Кыргыз ССРи 1957-ж. Ленин ордени менен сыйланды.

1936-жылдан баштап мамлекеттик жана партиялык кызматтарды аркалаган:

  • 1939—1940 — Өзбек ССРнин Элдик Комиссарлар Кеңешинин алдындагы Мамлекеттик пландын төрагасы.
  • 1940—1944 — Өзбек ССРнин Элдик Комиссарлар Кеңешинин төрагасынын орун басары.
  • 1941—1944 — Өзбек ССРнин Агартуу элдик комиссариаты.
  • 1944—1945 — Өзбек ССРнин большевиктер БК Компартиянын катчысы.
  • 1945—1950 —Кыргыз ССРнин Министрлер Кеңешинин төрагасы.
  • 1950—1961 — Кыргыз ССРнин БК КПнын биринчи катчысы.
  • 1961—1962 —СССРдин Мамлекеттик экономикалык кеңештин мүчөсү.
  • 1962—1965 — СССРдин МК(Министрлер Кеңеши)нин алдындагы Мамлекеттик илимий-экономикалык бөлүмдүн башчысы.
  • 1965—1967 — СССР МКнын Мамлекеттик пландоо комитет бөлүмүнүн башчысы.