Йада

Википедия дан

Йада, жайташ – түрк элдеринин, а.и. кыргыздардын мифологиялык түшүнүгүндө аба-ырайын өзгөртүүчү магиялык таш. Таштын сыйкырдуу күчүнө ишенүү байыркы түрктөрдө кеңири таралып, йада таштын жардамы менен сыйкырчылар суукту, бороон-чапкынды, чагылгандуу жаанды ж.б. чакыра ала тургандыгы айтылган. Ал-Бируни мындай манипуляциянын эки ыкмасын көргөзгөн: «киши ташты (йада ташты) тиштеп, сууга кирген жана кол булгалаган, ошондон кийин жамгыр жааган». Башка учурда ар кандай дубаларды айтып, үн чыгарып кыйкырышкан: «…таштын өзүн сууга чөктүрүшүп жана анын үстүнө сууну чачышкан». С.Абрамзон келтирген этнографиялык маалыматтарда кыргыздардын арасында жай таштын жардамы менен жамгыр жаадыра ала турган жайчы деп аталган өзгөчө адамдар болгон. Жайчылар дубаларын араб-фарсы тилинде айтышкан. Дубачылар адатта бакшылар болушкан, алар бир эле убакта эмчилик жана шамандык милдеттерди да аткарышкан. Бул ырым-жырымдар кургакчылык учурда жаан жаадыруу максатында өткөрүлгөн. Орус чыгыш таануучусу М.С.Андреев Памирдеги кыргыздардын жайчылык өнөрү тууралуу кызыктуу маалыматты жазып алган. Анда: кара койду союп канын идишке толтурушкан. Идиштеги канга 7 күн ташты салып коюшкан. Бул убакта кан кургап бүткөн жана таштын өзүн алып чыгып тийиштүү дубаны окушкан. Дубаны окуганда асманда булут топтолуп, жамгыр жааган. Эгерде ташты жууп, абага таза боюнча коюп койсо, күн чайыттай ачылган. Ташты жипке байлап термелтсе шамал жүргөн. Жайташ жана жайчылыктын келип чыгышы шаманчылык менен байланышкан. Кыргыздар исламдын таасирине өтө баштагандан тартып, жайчылык ырым-жырымынын аткарылышына мусулманча дуба окуу сыяктуу элементтер кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Кыргыз тарыхы" Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, Бишкек – 2003. Башлы редактор: Ү.А.Асанов, жооптуу редактор: А.А.Асанканов