Мазмунга өтүү

Йемен риалы

Википедия — ачык энциклопедия
Йемен риалы  (кырг.)

Yemeni Rial  (аңгл.)
Riyal du Yémen  (фр.)

10 риал (1995-жыл) 1000 риал (2017-жыл)
10 риал (1995-жыл) 1000 риал (2017-жыл)
Коддор жана белгилер
ISO 4217 коддору YER (886)
Аббревиатуралар YER
Жүгүртүү чегарасы
Эмитент  Йемен
Туунду жана параллелдүү бирдиктер
Бөлчөктүү филс (1100)
Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар
Монеталар 5, 10, 20 риал
Банкноттор 50, 100, 200, 250, 500, 1000, 5000 риал
Тарыхы
Мурда колдонулган валюта Түндүк Йемен риалы (YER)
Түштүк Йемен динары (YDD)
Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү
Эмиссиялык борбор Йемендин борбордук банкы
www.centralbank.gov.ye
Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат.
2023-жылдык инфляция
Инфляция 16,8%[1]
Йемен риалы Уикиказынада

Йемен риалы (ар. ريال يمني) — 1990-жылы өлкө бириккенден бери жүгүртүүдөгү Йемендин акча бирдиги. Расмий түрдө 1 йемен риалы 100 филстен турат. Бирок йемен реалы валютасы кабыл алынган убактан бери филс номиналындагы бир дагы монета жүгүртүүгө чыгарылган эмес.

Риал XVIII-XIX кылымдарда Йеменде мокко кофесин соодалоодо кеңири колдонулган Мария Терезиянын талери менен байланыштуу болгон[2].

Йемендин экономикалык жана саясий өнүгүүсү мамлекеттин өзүнүн расмий валютасын бекитүүгө түрткү болгон. 1990-жылы Йемен Араб Республикасы менен Йемен Элдик Демократиялык Республикасы бириккенден кийин, өлкөнүн бүткүл аймагында Түндүк Йемендин риалы жана Түштүк Йемендин динары жүгүртүүдө калып, 1 риалдын наркы 26 динарга барабар катнашы менен теңдештирилген. 1993-жылы биринчи жаңы монеталар чыгарылган. 1996-жылы динар жүгүртүүдөн алынып, риал өлкөнүн жалгыз расмий валютасы болуп калган. Эски акчалар акырындык менен жаңыларына алмаштырылган.

Учурда 5, 10, 20 риалдык монеталар жана 50, 100, 200, 250, 500 жана 1000 риалдык банкноттор жүгүртүүдө. Йемен риалынын банкноттору Орусия Федерациясындагы «Гознак» ААК басылып чыгарылат.

Йемен риалынын бир АКШ долларына карата курсу 1990-жылдардын башындагы 12,01 риал деп белгиленген. 1990-жылдардын ортосунан тарта йемен риалы эркин конвертациялануучу валютага айланган. Натыйжасында, риалдын бир АКШ долларына болгон курсу 20 риалдан 215 риалга чейин төмөндөгөн, бирок бир нече жыл бою риалдын курсу туруктуу бойдон калган. 2010-жылдан тарта Йемендин Борбордук банкы бир нече жолу валюта курсун жөнгө салууга кийлигишүүгө аргасыз болгон, жыйынтыгында Йемендин алтын-валюта резервдеринин кыйла кыскарышына алып келген. 2013-жылдын аягына карата Экономикалык чалгындоо тобу резервдердин кийинки жылдары болжол менен 1,3 айлык импортко чейин азайышы мүмкүн деп болжолдогон, бирок колдоо максатында Сауд Арабиясы Йемендин Борбордук банкына 1 миллиард доллар которгону тууралуу маалымат бар[3][4][5].

2025-жылдын январь айында валюта курсу дагы бир жолу тарыхый төмөнкү чекке түшүп, Президенттик башкаруу кеңешинин көзөмөлү алдындагы аймактарда 1 АКШ долларынын наркы 2150 йемен риалына чейин жеткен[6]. Ал эми хуситтердин көзөмөлүндөгү аймактарда йемен риалынын алмашуу курсу туруктуу бойдон калып, 1 АКШ долларынын курсу болжол менен 530 риалга барабар болгон.

Йемен бириккенде, Түндүк Йеменде 1, 5, 10, 25 жана 50 филс жана 1 риал номиналындагы монеталар чыгарылган. Бара-бара бардык филс номиналындагы монеталара жүгүртүүдөн чыгарылаган. 1993-жылы Йемендин Борбордук банкы 1 жана 5 риалдык жаңы монеталарын жүгүртүүгө киргизген. 1995-жылы 10 риал жана 2004-жылы 20 риал монеталары чыгарылган. 2024-жылы он жылга жакын убакыттан бери бийликтеги Йемендин хуситтери жетектеген өкмөт жаңы 100 риал номиналындагы монеталарды чыгарганын жарыялаган[7].

Монеталар
1 йемен риалы 5 йемен риалы 10 йемен риалы 20 йемен риалы

Биригүү учурунда Йемендин Борбордук банкынын 1, 5, 10, 20, 50 жана 100 риал номиналындагы банкноттору жүгүртүүдө болгон. 1993-жылы 1 жана 5 риалдык банкноттор, 1995-жылы — 10 риалдык, 2004-жылы — 20 риалдык банкноттор монеталарга алмаштырылган[8].

1996-жылы жаңы номиналдагы 200 риалдык, 1997-жылы — 500 риалдык, 1998-жылы — 1000 риалдык банкноттор чыгарылган. Кийинки жылдары 500 жана 1000 риалдык банкноттор жаңы модификацияларда чыгарылган. 2009-жылдын 14-ноябрында 250 риал номиналындагы банкнот чыгарылган[9].

2017-жылы Йемендин Борбордук банкы коопсуздук элементтери өзгөртүлгөн 500 жана 1000 риалдык банкнотторду чыгарган. 2018-жылы Йемендин Борбордук банкы 200 риалдык банкнотту жүгүртүгө кайра киргизип, жаңы 100 риалдык үлгүдөгү банкнот чыгарган[9].

2016-жылы хуситтер көзөмөлдөгөн Йемендин түндүк борбору Санада Йемендин Борбордук банкынын буйругу менен 5000 риал номиналындагы банкноттор басылып чыккан. 2017-жылы хуситтер Йемендин Борбордук банкына таандык, 5000 риалдык банкноттор жүктөлгөн жүк ташуучу унааны барымтага алганы кабарланган, бирок расмий түрдө бул купюралар жүгүртүүгө чыгарылган эмес.

2025-жылдын 16-июлунда хуситтердин тобу көзөмөлдөгөн Сананын Борбордук банкы жаңы 200 риал номиналындагы банкнотту жүгүртүүгө киргизген[10][11][12]. Эл аралык деңгээлде таанылган Адендеги Борбордук банк жаңы банкноттун киргизилишин колдогон эмес.

1990-2016-жж. банкноттор сериясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
1990-2016-жж. банкноттор сериясы
Сүрөт Номинал Өлчөмү

(мм)

Басымдуу түсү Сүрөттөөмөсү Дата
Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети басып чыгарылгын колдонуудан чыгарылган
1 130×70 Жашыл Аль-Бакирия мечити Арабика кофесинин бадалы 1990
5 130×70 Ачык кызыл Эски Санадагы имарат Калат Аль-Кахира чеби
10 135×70 Көк жана кара Аль-Бакирия мечити Мариб тогоону 1992
20 145×75 Кара күрөң Дионистин мрамордан жасалган айкели Аден булуңу жана кеме 1995
50 150×75 Зайтун сыяктуу жашыл Маадкарибанын колодон жасалган айкели Хадрамауттагы Шибам шаары 1993
100 150×75 Кызгылт көк Адендеги байыркы суу түтүктөрү Сана шаары
200 155×75 Жашыл Алебастр айкели Эль-Мукалла шаары 1996
250 155×75 Ачык сары жана көк Аль-Салех мечити Эль-Мукалла шаары 2009 14-ноябрь, 2009
500 155×80 Кызгылт көк Борбордук банктын имараты Билкис пдашы айымдын Марибдеги тактысы 1997
500 155×80 Көк Дар Аль-Хажар сарайы Дар Аль-Хажар мечити 2001
155×80 Көк 2007
1000 157×85 Жашыл жана сары Аль Катири султанынын сарайы Баб аль-Йаман дарбазасы 1998, 2004, 2009 Август 2010
5000 155×85

2017-2018-жж. банкноттор сериясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
2017-2018-жж. банкноттор сериясы
Сүрөт Номинал Өлчөмү

(мм)

Басымдуу түсү Сүрөттөөмөсү Дата
Алдыңкы бети Арткы бети Алдыңкы бети Арткы бети басып чыгарылгын колдонуудан чыгарылган
100 150×70 Кызгылт көк Ажыдаардын каны аталыштагы чайыр алынган дарак Айыл чарба багытындагы тектирлүү жерлер 2018
200 150×70 Сары Забид чеби Аль-Махра провинциясынын пейзажы Август 2018
500 155×70 Көк Аль-Мухдар мечити Дар Аль-Хажар сарайы 2017
1000 155×70 Жашыл Аль Катири султанынын сарайы Баб аль-Йаман дарбазасы

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]