КАЖЫСАЙ

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Тоң районундагы шаарча (1947-жылдан). Ысыккөлдүн түштүк жээгинде (2 км аралыкта), Балыкчы–Каракол жолунун боюнда, райондун борбору Бөкөнбаев айылынан 17 км чыгыш тарапта, Балыкчы бекетинен 115 км түштүк-чыгышта, Кажысай өндүрүндө жайгашкан. Шаарча жайгашкан өндүр кооз, ал жерден туристтик маршрут өтөт. Шаарча Сөгөттү көмүр кенин казуу учурунда негизделген. Калкы 4,4 миң (2003); негизинен кыргыз жана орус, казак, өзбек, уйгур, дуңган ж. б. жашайт. Борбор шахтасы, электротехникалык заводдору бар. Ысыккөл электротехникалык заводдор бирикмеси күч берүүчү жарым өткөргүч өзгөргүчтөрдү, тиричиликке керектүү плиталарды ж. б чыгарат. Борбор шахтасынан казылган көмүр жергиликтүү гана мааниде. Орто мектеп, музыкалык мектеп, 2 мектепке чейинки балдар мекемеси, клуб, 2 китепкана, Кажысай медицина-санитариялык мекемелери иштейт. Келечекте курорт катары өнүктүрүп, эс алууга ылайыкташтырылган мекемелер менен өнөр жай зонасын, курорт, турак-жай зоналарын куруу пландашууда. Курорт зонасы көлдүн жээгинде 2 борбордон турган курорттук комплексти түзөт. Анда маданий, соода, тамак-аш, үй тиричилик жактан тейлөөчү мекемелер, спорт курулуштары курулуп, жалпы курорттук мааниге ээ болмокчу. Колдонулган алабият:Кыргыз Улуттук Энциклопедиясы.