КОЧКОРАТА

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

КОЧКОРАТА шаары: Шаар (2003-жылдан). Жалалабат облусундагы Ноокен р-нун аймагында Бабашата кырка тоосунун түш. этегинде, Бишкек — Ош автомобиль жо- лунун боюнда, деңиз деңг. 618 м бийик- тикте жайгашкан. Ноокен р-нун борбору Масы кыштагынан 13 км батыш тарапта, облустун борбору ж-а т. ж. бекети Жала- лабат ш-нан 56 км. К. мунайгаз кендерин казып алууга байланыштуу 1952-ж. куру- ла баштаган, алгач «Новостройка» деп аталган. 1953—2003-ж. шаарча; 2003- жылдан шаар. Шаардын жалпы аянты 485 га. Калкы 16117 (2002). К-да «Кыргызму- найгаз», «Кыргызгеофизика» (мунай-газ кендерин чалгындоо иштерин жүргүзөт), Кочкората айыл курулуш, «Керамика»(кыш ж. б. курулуш материалдарын чыга- рат) акционердик коомдору иштейт. Тех. колледж, кесиптик-тех. окуу жайы, 3 орто мектеп, гимназия, маданият үйү, 1000 но- мерлүү байланыш бөлүмчөсү, оорукана, балдар консультациясы, ден соолукту ка- лыбына келтирүүчү облустук оорукана, сквер, спорттук комплекс, стадион, чай- кана, кафе, ресторан бар. Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тур- гузулган.

Колдонулган адабияттар:ISBN 9967-14-006-2 © Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору

Категориялар:Кыргызстан Категориялар:География