Каада укугу
Көрүнүш
Каада укугу – аларды көп ирет салттуу пайдалануудан улам коомдо калыптанып калган жана мамлекеттик бийлик тарабынан санкцияланган, жазылбаган жүрүм-турум (каада) эрежелеринин жыйындысы. Укуктун тарыхый биринчи таризи. К. у. тартипке келтирилген жыйнактары (м.: Мыйзамдардын 12 жадыбалы, «Русская правда») заманбап жазма укукка өтүүнүн өткөөл баскычы болгон. Өнүккөн өлкөлөрдө К. у. анчалык мааниге ээ болбойт. Алар эларалык мамилелерде кыйла маанилүү роль ойношот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7