Мазмунга өтүү

Кабак уран кендер тобу

Википедия — ачык энциклопедия

Кабак уран кендер тобу Нарын облусунун Жумгал районунда, Көк-Мойнок өрөөнүнүн түндүк капталында, Миңкуш суусунун оң куймалары Асыкташ жана Чөпалачык сууларынын алабында, белгилүү көмүр кендеринин чегинде, деңиз деңгээлинен 2000–3000 м бийиктикте. 1947-ж. табылган. 1947–50-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбон, юра, палеоген мезгилдеринин тоотек катмарлары менен түзүлгөн. Бул кендер топко Кашка-Суу, Тууракабак. Агулак, Сасыкташ кендери кирет. Уран рудалануусу юра мезгилинин Тууракабак свитасынын № 2–3,4,5,6 көмүр кабаттары менен байланышкан. Уран рудалануусу көмүр кабаттарында ичке тилке, кабатча түрүндө кездешет. Рудалануу чөкмө тибине, көмүр-настурандуу формациясына кирет. Негизги руда минералдары: урандын гуматтары, настуран, урандын слюдасы, уран көөсү. Рудадагы урандын орточо өлчөмү 0,14%. 1952-жылга карата руданын запасы 1932 миң т, урандыкы – 2687,4 т.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]