Мазмунга өтүү

Каба темир кени

Википедия — ачык энциклопедия

Каба темир кени Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда, Каба кыштагынан 30 км түндүк-чыгышта, Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш тармагында, деңиз деңгээлинен 1750–1950 м бийиктикте. Кен жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1944-ж. геол. издөө жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын Таш-Көмүр мезгилинде пайда болгон доломит менен акиташ теги жана эффузия тоотектери, ошондой эле каледондун гранит-диорит интрузиялары түзөт. Руда акиташ теги менен гранит-диорит интрузиясынын кошулган жеринде дого сымал ичке тилкени түзүп жатат. Мында скарн процесси пайда болуп, анын аяктоо мезгилинде тектоникалык терең жарака менен тилмеленген. Натыйжада жарака аркылуу көтөрүлгөн гидротерм эриндисинен магнетит, галенит, пирит, сфалерит ж. б. минералдар пайда болгон. Негизги руда–магнетит. Жогорку сапаттуу. Тилкенин узундугу 0,9 км, туурасы 50–200 м. Темирдин кондициялык өлчөмү 38,8%ке чейин. Руданын запасы 2,576 млн т, темирдики –1,0 млн т.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]