Кабель орноткуч

Википедия дан

Кабель орноткуч - кабелди жерге жана суу астына орнотуучу механизм. Жумушчу органынын конструкциясы боюнча Кабель орноткуч тилгичтүү, ротордуу жана гидравликалык болуп бөлүнөт.

Биринчи эки Кабель орноткуч кабелдерди негизинен кургак жерлерге, үчүнчүсү суу астында орнотууда колдонулат. Тилгичтүү Кабель орноткучтун негизги жумушчу органы - эки тилгичи. Биринчиси алдына орнотулуп, экинчиси тилгичке туш келүүчү жыгач тамырларын кесүү, жер бетин жумшартуу жана таштан тазалоо жумуштарын аткарат. Экинчи тидгичи тереңд. 1,5 м келген кабель арыкчасын казат.Тилгичтүү Кабель орноткучту атайын трактор сүйрөйт. Ал бир сменада 5 км кабель трассасын жүргүзөт. Ротордуу Кабель орноткучта кабель орнотулуучу арыкты өзү жүрүүчү ротордуу экскаватор казат, ага чиркелген арабача кабелди сүйрөйт. Анын негизги жумушчу органы - диск же жер тилүүчү тиштүү дөңгөлөк. Өндүрүмдүүлүгү бир сменада 1 км. Гидравликалык Кабель орноткуч суу түбүнө кабель орнотот. Кемеге орнотулган насостун жардамы менен суунун түбүндө арыкча казылат. Кабель түтүк менен түшүрүлүп, казылган арыкчага тартылат. Мунун өндүрүмдуүлүгү саатына 10-30 м.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.