Кагаз машинасы
Кагаз машинасы – кагаз массасынын суу кошулган аралашмасынан кагаз жана картондун айрым түрлөрүн жасоочу агрегат. Бул машина жалпак жана тегерек тордуу (цилиндрлүү) болуп айырмаланат. Жалпак тордуу машинада кагаздын негизги түрү, ал эми тегерек тордуу машинада кагаз менен картондун айрым түрү иштеп чыгарылат. Кагаз машинасы килкилдек буладан чубама кагаз тилкесин жасоочу, суусун сарыктыруучу тордон, кагаз тилкесин ныктагычтан, кургаткычтан жана жылтыратуучу, тыгыздап жылмалоочу, түрмөктөөчү, жасалгалоочу бөлүктөрдөн турат. Даяр кагаз массасы насостун жардамы менен бассейнге жиберилет, андан машинанын тордуу бөлүгүнө өткөрүлүп, анынбетине текши жайылтат. Top кыймылда болгондуктан, суу сарыгып, тордун бетинде кагаз тилкеси пайда болот. Ал тилке андан ары ныктагыч бөлүккө берилип, кагаз тилкесинин калган суусу сыгып чыгарылат жана абдан тыгыздалат. Мындан кийин кагаз кургаткыч бөлүккө, ичине буу жиберилүүчү 2 катар орнотулган айланма цилиндирге оролуп кургатылат. Жасалгалоочу бөлүктө жалтыратылып, жылмакайланып, даяр кагаз түрмөктөлөт. Кагаздын ар бир сорту үчүн машинанын кагаз тилкесин түзүүчү эни жана өзүнчө ылдамдыгына жараша болот. Эни кууш (1,6—4,2 м) Кагазмашинасында өтө жука, атайын техникалык, фото жана документ кагаздары, кеңири эндүү (6 мден ашык) машинада газета басылуучу жана баштык жасалуучу кагаз даярдалат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5