Кагат чириги

Википедия дан

Кагат чириги - кызылча сактоо мезгилинде грибок жана бактерия пайда кылуучу коркунучтуу илдет.

Илдетке чалдыккан кызылчада адегенде ак, кийинчерээк боз же кызгылтым, солуй баштаганда кара көк так пайда болот. Ткандардын ичи жумшарып, көбүнчө карарып кетет. Айрым грибок менен бактерия спирттүү ачытманы пайда кылып, продуктулардын жытын бузат. Кагат чириги майда, эски кызылчага көп зыян келтирет. Вегетация мезгилинде кызылчанын минерал заттар менен начар азыктанышы, мурда илдеттен, зыянкечтен жабыркашы, үшүк уруу, солуу ж. б. бул илдетти күчөтөт. Мындай кызылча пайдаланууга жараксыз болот.

Күрөшүү чаралары: Кагат чиригине туруктуу сортту эгүү, жогорку агротехниканы колдонуу, үшүктөн, солуудан жана механикалык кокустуктардан коргоо, кызылчаны туура сактоо ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.