Кагосима

Wikipedia дан

Кагосима — Япониядагы шаар. Кагосима префектурасынын административдик борбору. Кюсю аралынын түштүк жээгинде жайгашкан. Калкы 607,7 миң (2008). Эл аралык аэропорту бар. Жолдор тоому. Өлкөнүн балык кармоочу ири деңиз порту (Рюкю а. менен паром аркылуу байланышат). 1889-жылдан шаар статусуна ээ. Цурумару сепилинин калдыктары (18-кылым), таш көпүрөлөр сакталган. Машина куруу, текстиль, химиялык, металлургия өнөр-жай ишканалары иштейт. Карапа (13-кылым), сацума фаянсы (16-кылым) жана фарфор (19-кылым) өндүрүшүнүн борбору. Университеттер, музейлер, океанариум бар. Япон стилиндеги ландшафт паркы, ботан. бак, зоопарк уюштурулган. Кагосимадан 40 км түндүк-батышта «Сендай» АЭСи, Осуми ж. аралында Утиноура космос изилдөө борбору, шаардан 9 км чыгышта аракеттеги Сакурадзима жанартоосу (акыркы жолу 1960-ж. атылган) жайгашкан. Ысык булактар чыгат. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]