Кадар Янош
Көрүнүш
Кадар Янош (26. 5. 1912-ж. т., Риека – 6 июль 1989) - венгр жана эл аралык коммунисттик, жумушчу кыймылынын ишмери, ВЭРдин мамлекеттик жана саясий ишмери.
- Айыл чарба жумушчусунун үй- бүлөсүнөн.
- 17 жашынан жумушчу кыймылына катышкан.
- 1931-жылдан Венгр коммунисттик партиясынын (ВКП) мүчөсү.
- Кадар хортичил фаш. режимдин (1919-44) мезгилинде компартиянын легалсыз иштерине активдүү катышкан.
- 1941-42-ж. ВКП- нин Пешт обкомунун мүчөсү, 1942-ж. ВКП БКнын мүчөсү, 1943-ж. анын секретары.
- Революциячыл иштери үчүн нечен жолу камалган.
- Венгрияда антифаш. кыймылды уюштурушкан.
- Өлкө хортичил-фаш. үстөмдүктөн бошонгондон кийин (1945, апр.) ВКП БКнын Саясий бюросунун мүчөсү, Убактылуу улуттук чогулуштун депутаты.
- 1945-48-ж. партиянын Будапешт шааркомунун секретары.
- 1946- 48-ж. ВКГ1 БКнын ген. секретарынын орун басары, 1948-50-ж. Венгрия эмгекчилер партиясынын (ВЭП) ген. секретарынын орун басары.
- Кадар 1951-ж. жалаа боюнча камалып, 1954-ж. акталган. 1956-жВЭП БКнын, анын Саясий бюросунун мүчөсү жана секретары.
- Венгриядагы контрреволюциячыл козголоңдун (1956) мезгилинде Венгр революциячыл жумушчу-дыйкан өкмөтүн жана Венгр жумушчуларынын партиясын кайра түзүүнүн демилгечиси болгон.
- 1957-жылдан Венгрия социалисттик жумушчу партиясынын (ВСЖП) биринчи секретары. ВЭРдин Мин. Советинин (1961-65) председатели.
- ВЭРдин Социалисттик Эмгектин Баатыры (1962), Советтик Союз. Баатыры (1964), «Элдердин ортосунда тынчтыкты чыңдаганы үчүн» эл аралык Лениндик сыйл. лауреаты (1977).
- Ленин ордени менен сыйланган (1972).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.