Кадыралиев Тургунбай
Кадыралиев Тургунбай (1945-ж. т., ЫсыкКөл облусу, Жети-Өгүз району, Жети-Өгүз айылы.) медицина илимдеринин доктору (1994), профессор (1997). Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтун (1968), Ленинграддагы Врачтардын билимин өркүндөтүү институтунда аспирантураны бүтүргөн (1974). Хабаров крайында аскер бөлүмүнүн врачы (1968-70), 1970-жылдан Кыргыз Мамлекеттик Медицина институтунда кенже илимий кызматкер, Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Бийик тоо физиология жана эксперименттик патология институтунда улук илимий кызматкер (1976-84), Кыргыз кардиология ИИИде улук, жетектөөчү илимий кызматкер (1984-94). КМДПИде кафедра башчысы (1994-2005). Патологиялык анатомия боюнча адис. 100дөн ашык илимий эмгеги бар. Эмгектери: Строения органов обеспечения и регуляции организма. Б., 1995.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5