Кадырбаев Бийказ

Википедия дан

Кадырбаев Бийказ (1933-ж. т., Сарысөгөт айылы) - Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген экономисти. Фрунзедеги (Бишкек) финансы-кредит техникумун (1952), Кыргыз мамлекеттик университетин (1967) аяктаган.

  • 1952-53-ж. Токтогул райондук сактык кассасынын инспектору,
  • 1953-54-ж. Жалал-Абад облустук сактык кассасынын ревизору,
  • 1958-59-ж. СССР айыл чарба банкынын Токтогул р-ну-боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү,
  • 1959-61-ж. Токтогул райондук мамлекеттик банкынын инспектору.
  • 1962-67-ж. “Союзкурулуш” банкынын Токмок шаарындагы бөлүмүнүн жетекчиси,
  • 1967-68-ж. республикалык курулуш банкынын бөлүм башчысы,
  • 1968-88-ж. “Союзкурулуш” банкынын Ош облустук башкармасынын төрагасы,
  • 1988-93-ж. Ош облустук сактык банкында башкармалыктын төрагасынын орун басары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5