Кадыркулова, Нурия

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Нурия Кадыркулова. 10.8.2009.

Нурия Кадыркулова (Nuriya Kadyrkulova; туулган күнү: 04.9.1952) — кыргызстандык кооператор, бухгалтер айым. Ал Самарканддагы кооперациялык институтту аяктаган алгачкы муундагы кыргыз кыздарынан болгон.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Нурия Кадыркулова 1952-жылы 4-сентябрда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы Эчки-Башы айылында туулган. Бул айыл азыр Он-Арча айыл өкмөтүнө карайт, мурда “Коммунизм” колхозунун борбору болгон.

Атасы Кадыркул Чороев (1928-1979) айылдык мугалим, дүкөнчү жана карапайым колхозчу болуп иштеген. Ал кыргыздын тынымсейит уруусунун күмүш уулунан болот. Кадыркулдун атасы Чоро ажы Айты уулу 1916-жылкы көтөрүлүшкө чейин айылда элүү башы болгон бай киши эле. Энеси Калыйбүбү Кудайберген кызы (1924-2002) колхозчу болгон. Ал Нарын районундагы Тегерек-Кырчын айылында туулуп-өскөн, уруусу – сарыбагыш.
Нурия 1960-жылы Тянь-Шань (азыркы Нарын) районундагы “Коммунизм” сегиз жылдык мектебине 1-класска кирет (эгемендик доорунда бул мектеп Жусуп Иманалиев атындагы орто мектеп болуп аталып калды [1]).
Нуриянын алиппе тааныткан биринчи мугалими – педагог Мукаш Акунов болгон. Кийинчерээк физик Ысмайыл Оморов, тилчи Жумакан Муканбетова анын класс жетекчилеринен болушту.

Эчки-башылык мугалимдер тобу мектеп деректири Самүдүн Шайкыев менен бирге. 1970-жыл.

Нурия окуп жүргөн чакта мектеп он жылдык болуп кайра курулуп, ал 1970-жылы анын алгачкы он жылдыгын бүтүргөндөрдөн болду. Ал өз классындагы эң мыкты окуган окуучу болгон.
1970-жылы Нурия Кадыркул кызы Өзбекстандагы Самарканд шаарында жайгашкан Борбордук керек-жарак коомунун Самарканд кооператив институтуна (Самаркандский кооперативный институт Центросоюза; СКИЦ) окууга ийгиликтүү тапшырган.
Ал Самарканд кооператив институтунун экономика факультетинин бухгалтерлик эсеп бөлүмүндө окуй баштады.
Эчки-Башы айылынан бул ЖОЖго 1970-жылы төрт абитуриент (Нурия Кадыркуловадан тышкары Нуржамал Абдыкадырова, Кенжеш Абдыкадыров жана кийинчерээк Кыргызстан Жогорку Кеңешинин депутаты болгон Мукаш Эсеналиев) тапшырган. Аларга жол көрсөтүп, нускоочу кебин айткан киши – ошол кездери аталган окуу жайдын технология факультетинин 5-курсунда окуп жаткан Дүйшөк Абдыкадыров деген эчки-башылык жигит болду.
Нурия Кадыркулова Самарканд кооператив институтунда ЭУ-270 деген топто, ал эми Мукаш Эсеналиев 570-топко кирип окушту.
Кыргызстандык студенттер сабактарды өзбек тилинде жана мыкты окушту. Нурия Кадыркулова менен Мукаш Эсеналиевдин сүрөттөрү 2-курстан тартып эле мыкты окугандардын арасында ЖОЖдун Ардак тактасында илинип турду.
Студент кезинен эле айылдаш агасы Мукаш Эсеналиев коомдук иштерге да жигердүү катышып, ал түгүл институттун комсомол комитетинин катчысы (секретары) болуп дайындалды.
Ошол 1970-жылдары Эчки-Башы айылынан Зарылбек Арыкулов, Нуркасым Алиев, Дүйшөк Абдыкадыров, Букеш Боосунова, Кенже Калиева, Мукаш Эсеналиев, Кенжеш Абдыкадыров, Нуржамал Абдыкадырова, Нурия Кадыркулова, Марат Жусупов, Нургүл Үмөткулова Самарканд кооператив институтунда таалим алышты.
1970-74 жылдары кыргыздар жакшы окуп, коомдук иштерде, спорт, илим жагынан жигердүү аракет кылып, институттун эң мыкты студенттери деп таанылып калды.
Айтмакчы, бул студенттерден мурда аталган институтту нарындык илимпоз жана педагог, профессор Касийра Мукашевна Назарматова артыкчылык менен аяктап, ал түгүл Самарканд кооператив институтунда окутуучу болуп бир нече жыл иштеп турган.
Ошо кездеги окуп, артыкчылыктуу диплом менен аяктагандардын арасында Жамбул Абакиров, Орунбүбү Акбагышева, Моңолдор Досмамбетов, Токтораалы Таштаналиев сыяктуу кыргызстандыктар болгон.
Жалпысынан, Самарканддагы институтта жүздөн ашуун кыргызстандык студенттер таалим алды. Кыргыз диаспорасы Самарканддагы “Табассум” (“Жылмаюу”) аттуу кафеде чогулуп, жыл сайын таанышуу кечелерин жана башка маданий чараларды өткөрүп турушкан.
Нурия Кадыркулова 1974-жылы Самаркандагы аталган институтту ийгиликтүү аяктап, Кыргызстанга кайтып келди.
Ал ошол жылдан тартып 1990-жылдардын соңуна чейин Кыргызстандын Нарын облусундагы Нарын шаарында жана Нарын районунда кооперациялык жана башка мекемелерде үзүрдүү иштеп, ардагер болду.
Учурда ал Бишкек шаарында байырлап келет.

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Нуриянын күйөөсү Тимурлан Данияр уулу Борбодоев (1953-2004) өз классташы болгон. Ал оорунун айынан мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Тимурлан айылдагы кадыр-барктуу кишилердин урпагы. Анын атасы Данияр Борбодоев (1910-1981) – тынымсейит уруусундагы белгилүү саяпкерлерлен болгон. Энеси Күмүш Суранова – Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси, СССР Жогорку Кеңешинин жана Кыргызстан Жогорку Кеңешинин депутаты, Тянь-Шань (азыркы Нарын) районундагы “Коммунизм” колхозунун башкармасы, Он-Арча айылдык кеңешинин төрагасы болгон.
Тимурдан менен Нуриянын үч уулу (Нурлан, Нурбек, Айбек), бир кызы (Элвира), бир нече небереси бар.
Нуриянын кайнилеринин бири - Караколдо эмгектенип жаткан театр ишмери, өнөрпоз Кубан Борбодоев.

Эчки-башылыктар (оңдон солго): Күмүш Суранова, Кеңеш Жусупов, Жумамүдүн Кадырмамбетов, Тынчтык Иманалиев. Бишкек шаары, Кыргызстан. 2007-жылдын 14-апрели.

Нуриянын иниси Табылды Чороев да бала-чакалуу, неберелүү.

Кыскача адабият тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Жусупов, Кеңеш. Жан шерик: Жыйнак / Жыйнакты түзгөн Айгүл Эралиева. – Бишкек: Бийиктик, 2007. – 588 б. - ISBN 978-9967-13-229-0.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Суранова, Күмүш. Он-Арча. Бишкек, 1993.
  • Нарын облусу: Энциклопедия. Жооптуу редактор академик У.Асанов. - Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы ред., 1998. - (ISBN 5-89750-100-1)
  • Чороев К. К. Жылдыздар кайтып келишет / Жооптуу редактор Жумабек Медералиев. - Бишкек: Турар, 2014. ISBN 978-9967-15-367-7. - 278 бет, сүрөттөр.
  • Чороев К. К. Дөөлөт таңы: Повесть, аңгеме, новеллалар, эскерүүлөр / Редактор Жумабек Медералиев. - Бишкек: Турар, 2015. - ISBN 978-9967-15-497-1. - 304 бет, сүрөттөр.


Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Ички шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. https://www.azattyk.org/a/Kyrgyzstan_Jusup_Imanaliev/1939997.html