Кадыров Вагап Кадырович
Кадыров Вагап Кадырович [1915, Казакстан Респ., Семипалатинск ш. (учурда Семей) 28. 07. 1993, Бишкек] – география илимдеринин доктору (1973), профессор (1977). 1937-ж. Фрунзе педагогикалык институтун, 1939-ж. аспирантурасын бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Кыргыз Республикасынын Илимдер Академиясында, Суу чарба институтунда, ВНИИКАМСте бөлүм башчы болуп эмгектенген. Гидрохимия боюнча 150дөн ашык илимий эмгектин, анын ичиндебир монографиянын автору. Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган. Эмгектери: Чүй өрөөнүнүн коллектордук-дренаж суусунун химиялык курамы Б., 1970; Ысык-Көл ойдуңунун дарыяларынын гидрохимиялык өзгөчөлүктөрү (авторлош), 1971; Ысык-Көлдүн жээк зонасынын пайнап суулар менен булганышынын мүнөздөмөсү. Б., 1978; Ысык-Көлдүн суусунун өзүн-өзү тазалоо мүмкүнчүлүгү. Б., 1983; Ысык-Көлдүн жана анын алабынын гидрохимиясы. Б., 1986.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5