Кадыр-барк
Көрүнүш
("Кадыр-барк (абырой)" барагынан багытталды)
Кадыр-барк (абырой) – өзүн-өзү жана башка инсандын абыроюн сыйлоону түшүндүргөн адеп-актык түшүнүк. К-б. – ал кишинин кандай экендигине жана да анын чөйрөсүндөгү адамдардын кандай кабыл алып, кандай баа бергендигине карабастан, анын жеке өзүнүн ажырагыс бөлүгү. Эгер адамдын кадыр-баркы менен К-б-ына шек келтирчү маалыматты тараткан жак анын чындыкка туура келе тургандыгын далилдей албаса, арбир жаран аны сот аркылуу жокко чыгарууну талап кылууга акысы бар. Конституциялык укук боюнча, К-б. – мамлекеттин инсанга карата түпкүлүктүү мамиле негизи жана анын укугунун жогорку социалдык баалуулук катары кабылдашы. КР Конституциясына ылайык, КРде адам К-б-ы баажеткис, колтийгис жана кылмыш-жаза мыйзамдары менен корголот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |