Мазмунга өтүү

Кажы-Сай кен таш калдыгын сактоо жайы

Википедия — ачык энциклопедия

Кажы-Сай кен таш калдыгын сактоо жайы – Ысык-Көл облусундагы Кажы-Сай шаарчасынын аймагында. 1948-ж. ишке киргизилген. Аянты 10 800 м2. 1997-98-ж. рекультивацияланган. Мында Жел уран кенин иштетип, пайдалуу металлды бөлүп алгандан калган уран тобундагы калдыктар сакталат. Гамма нурлануу өлчөмү 20-70 мкР/с. Жер титирөөгө туруктуулугу 8 балл. Азыр тынч абалда, экологиялык кооптуулук туудурбайт; бирок жалпы экол. системаларга таасири бар.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]