Казакбай Абдышев

Википедия дан

Абдышев Казакбай (1939-ж. т., Талас району, Кара-Ой айылы) — жазуучу, обончу, комузчу.
1958-ж. айыл чарбасын механикалаштыруу окуу жайын (Көк-Ой айылы), 1965-жылы Бишкек политехника институтун бүтүргөн.
1958—60-ж. Кара-Ой айылында механизатор, 1966—91-ж. Кыргыз Республикасынын Автошоссе жолдору министрлигинин тармагында бөлүм башчы, автобазанын начальниги, автоокуу комбинатынын директорунун орун басары, 1991—93-ж. Кыргызстан жазуучулар союзунун алдындагы көркөм адабиятты жайылтуу бюросунда иштеген, Республика авторлордун укугун коргоо боюнча агентствонун начальнигинин орун басары, 1994-жылдан чыгармачылык иште.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жазуучу катары «Жаандуу түндө» (1978), «Кум дөбөлөр» (1980), «Устат» (1986), «Биздин балачак» (1989) аттуу аңгемелер жана повесттер жыйнактарынын автору. Обончу катары 30дан ашуун обон чыгарып (ырларынын тексти өзүнүкү), бардыгы өзүнүн аткаруусунда кыргыз радиосунун фондусуна жазылып алынган.
Абдышев аткаруучу катары да белгилүү. Ал элдик ырларды аткарат, дастандарды айтат, сүйүү-махабат ырларын ырдайт жана башка. Эл алдына чыгып концерт да берет. Карамолдо, Ыбырай, Ныязаалы, Токтогул, Атай жана башкалардын күүлөрүн мыкты аткарат, өзү «Карылык» деген күү чыгарган. Домбра да черте билет. Домбрага «Жалгыз атчан», «Кайран досум», «Казак кайрыктары» («Желтоксон-86»), «Боз жоргарган.
Абдышев тез алдынча сүрөтчү-график катары да белгилүү. Сүрөтчүлук талантын өзүнүн «Таластан чыккан таланттар» жана «Сулуулар» аттуу китептеринде» кеңири пайдаланып, китептерди өзү көркөм жасалгалаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.